Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, «Достук» ордени менен сыйланды.
Учурда Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунун пленардык жыйынында Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук Акылбек Жапаровго «Достук» орденин тапшырды.
Министрлер кабинетинин башчысы стратегиялык өнөктөштүктү жана альянстарды өнүктүрүүдө, өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу кызматы үчүн сыйланды.
Эске сала кетсек, 14-сентябрда Акылбек Жапаров 60 жашка чыгат.
Жапаров Акылбек Үсөнбекович 1964-жылы 14-сентябрда Балыкчы шаарында дарыгер Үсөнбек Жапаров менен инженер Бегайым Сарынжиеванын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин II, V, VI чакырылыштарынын депутаты. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору.
2021-жылдын 13-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы болуп шайланган.





















