АКШнын Москвадагы элчиси Линн Трейси Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылып, Севастополдогу төрт кишинин өмүрүн алып, 150дөн ашуун адамды жарадар кылган чабуулга байланыштуу демарш жасалды. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.
РФ Тышкы иштер министрлиги АКШны Украинага ATACMS ракеталарын жеткирип жаткандыгы үчүн чыр-чатактын тарапташы деп атады.
ТИМдин билдирүүсү боюнча элчиге АКШ Россияга каршы гибрид согуш жүргүзүп жатканы жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнө эң заманбап курал-жарактарды анын ичинде Севастополдун тургундарына каршы колдонулган ATACMS ракеталарын берүү менен согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп калганы айтылды.
Москвада ошондой эле мындай аракеттер “жазасыз калбайт” деп билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 23-июнда Крымдагы Севастополь шаарына кассеталык бөлүкчөлөр менен жабдылган америкалык беш ATACMS ракеталары менен чабуул жасаган.
Россиянын абадан коргонуу күчтөрү төрт ракетаны кармаган. Бешинчи ракета абадан жарылып, анын талкаланган бөлүктөрү шаарга түшүп, натыйжада 151 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алса, алардын 82си ооруканага жаткырылды, анын ичинде 27си балдар. Төртөө каза болду: эки бала жана эки чоң адам.
Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
24-июнт Крым Республикасы менен Севастополдо аза күтүү күнү жарыяланды.
















