15-16-июнда Швейцарияда Украинанын демилгеси менен уюштурулуп жаткан тынчтык саммити өтөт. Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаменти Берн 160тан ашык делегацияны, анын ичинде ЕБ, Чоң жетилик тобу (G7), Жыйырмалык тобу (G20, ) жана БРИКС өлкөлөрүн чакырганын кабарлаган.
Щвейцария бийлигинин айтымында, чакырылгандардын арасында Россия Федерациясы жок.
Швейцариядагы тынчтык саммити Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин демилгеси менен эл аралык коомчулукту украин тынчтык формуласынын айланасына бириктирүү максатын көздөйт.
Россиянын президенти Владимир Путин эгер Москваны ал жерде көргүлөрү келбесе, ага катышууну суранбай турганын билдирген. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, мындай иш-чараны өткөрүү маанисиз. Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина боюнча Россиясыз сүйлөшүүлөрдүн мааниси жок экенин, Швейцарияда өтчү саммитте “тынчтык формуласынын” кайсынысы тууралуу сөз болорун түшүнүү керектигин айткан.
Ошол эле маалда Россия Киев менен болгон жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөн Москва эч качан баш тартпаганын бир нече жолу билдирген.
Саммитке катышуудан баш тарткандар
Ушул аптада Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров саммитке 107 өлкө жана эл аралык уюмдар катышаарын ырасташканын билдирген. Саммитке Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Жоржио Мелони, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Япониянын премьер-министри Фумио Кишида, ошондой эле башка дүйнөлүк лидерлер келет деп күтүлүүдө.
Бирок ага катышуудан баш тарткан өлкөлөр да болууда. Алсак, айрым өлкөлөрдүн башчылары анын ичинде АКШ президенти Жо Байден да, Си Цзиньпин да жыйынга катышпайт. Ак үй бул демилгенин өзүн колдойт, бирок Швейцарияга Байдендин ордуна вице-президент Камала Харрис барат.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Кытай Швейцариядагы Украина боюнча конференцияга катыша албай турганын, анткени Пекиндин Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө бирдей катышуу чакырыгы жыйындын күн тартибине карама-каршы келерин билдирген.
Мао Ниндин айтымында, Кытай ар дайым эл аралык тынчтык конференциясын үч маанилүү элементти эске алуу менен өткөрүүнү талап кылып келет: Россиянын да, Украинанын да өкүлдөрү катышышы керек, бардык тараптар тең катышып жана бардык тынчтык пландары калыс каралышы керек.
Латын Америкасынын дагы бир өлкөсү Бразилия дагы Швейцариядагы Украина конференциясына жогорку даражалуу аткаминерлерди жибербей турганы маалым болгон. Саммитке Бразилиянын Берндеги элчиси Клаудиа Фонсека Буцци гана катышары айтылган.
24-майда Бразилия менен Кытай Швейцариядагы тынчтык саммитине альтернатива сунушташкан. Эки өлкө уюштура турган саммит Украинадагы жаңжалга бардык тараптардын бирдей катышуусун, ошондой эле бардык тынчтык пландарын адилеттүү талкуулоону болжолдойт.
Сауд Аравия да Швейцариядагы Украина боюнча конференцияга катышпайт. Мындай чечим саммитке Россияны чакыруудан баш тартууга байланыштуу экенин Эр-Рияддагы дипломатиялык булактарга таянуу менен DPA агенттиги билдиргенин ТАСС жазды.
Сауд Аравиянын расмий өкүлдөрү жана мамлекеттик бийликтери азырынча маалыматты тастыктай элек.
7-июнда дагы бир нече өлкө Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык конференциясына өз өкүлдөрүн Швейцарияга жөнөтүүдөн баш тартышканын Lenta.ru агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Никарагуанын тышкы иштер министрлиги алдыдагы саммитти саясий фарс деп эсептей турганын билдирди. Дипломаттар саммиттин катышуучулары тынчтыкка жол табуу ниетинде эмес, болгону “Россияга дагы бир ультиматум коюуну” каалап жатканын белгилешкен.
Мексиканын Москвадагы элчилиги Мехико саммитке орус тарап катышпагандыктан ал чакыруудан баш тартканын билдирди.
«Биздин өлкө тынчтыкты жактайт, ошондуктан биз жакын арада чыр-чатактын эки тарабы тең катыша турган сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мүмкүн болот деп күтөбүз», – дешкен дипломаттар.
Аргентинанын президенти Хавьер Майли Европадагы турнесине карабай Швейцарияга баруудан баш тарткан. Кийинчерээк Майли 12-июнда Италияга барып, ал жерде үч күн болуп, андан кийин Аргентинага кайтып келери белгилүү болгон. Андан соң Германия жана Испанияга барып, ал жактагы пландаштырылган иш-чараларга катышат.
Швейцариядагы конференцияга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышпай турганын дүйнөлүк уюмдун жетекчисинин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифингде билдиргенин ТАСС жазды.
Бул саммитке Кыргызстан да катышпай турганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген маегинде айтты.

















