АКШ Мексиканын чек арасы аркылуу өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн мигранттарга башпаанек берүүгө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү жарлыкка президент Жо Байден кол койгонун Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.
АКШга мыйзамсыз барган бардык башпаанек издегендер тез арада депортацияланат. Бир гана коштоосуз калган балдар, ден соолугунан жабыркаган же ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган адамдар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн өзгөчө шарттар каралган.
Жарлыкка ылайык, бул чара АКШ-Мексика чек арасындагы мигранттарды кармоонун орточо саны күнүнө 1500дөн азаймайынча күчүндө болот.
Февраль айында Республикалык жана Демократиялык партиялардын сенаторлору иммиграциялык саясатты катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, эгер Мексика менен чек араны бир жуманын ичинде бир күндө 5000ден ашык адам мыйзамсыз кесип өтсө же бир күндө бул көрсөткүч 8500дөн ашса, жабууну талап кылышкан. Бирок республикачылар бул демилгеге бөгөт коюшуп, Байдендин чек араны дароо жабууга укугу бар экенин жана мыйзам долбоору алардын күтүүсүнө жооп бербей турганын айтышты.
Байден республикачылар Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишин камсыз кылуу үчүн иммиграция кризисин узартуу боюнча мыйзам долбооруна бөгөт коюп жатат деп эсептейт. Ак үй республикачылар партиянын кызыкчылыгын улуттук коопсуздуктан жогору койгонун баса белгиледи.
















