Жекшемби күнү Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттарынын командасын пенальтилер сериясында 5:3 эсебинде утуп, мелдештин кийинки баскычына чыкты.
Катардын Аль-Райан шаарындагы “Ахмед бин Али” стадионунда өткөн оюндун 30-мүнөтүндө тажик курамасынын коргоочусу Вахдат Ханонов командалашы Зоир Журабаев көтөрүп берген топту таамай сүзүп, эсеп сандарын ачты.
Беттештин экинчи бөлүгүнүн акыркы мүнөттөрүндө (кошумча берилген жети мүнөттүн 5-мүнөтүндө) БАЭ оюнчусу Халифа Аль-Хаммади эсепти теңеп, командаларга жеңүүчүнү аныктоо үчүн дагы 15 мүнөттөн эки тайм ойноого туура келди. Бирок бул убакыттын ичинде оюн эсеби өзгөргөн жок. Пенальтилер сериясынын жыйынтыгында хорватиялык Петр Сегрт машыктырган тажик курамасы 5:3 эсебинде жеңишке жетип, мелдештин кийинки ¼ баскычына өттү.
Чейрек финалда Тажикстандын командасы бүгүн кечинде өтө турган Ирак-Иордания беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.


















