Санариптик өнүктүрүү министрлиги табылган документтердин сүрөтүн соцтармактарга жарыялабай, Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды.
Министрлик акыркы убакта соцтармактарга документтердин сүрөттөрүн жарыялоо менен жоголгон документтерди же жоголгон документтердин ээлерин табууга жардам сурап кайрылуу адатка айланганын, мындай билдирүүлөр документ ээлеринин жеке маалыматтарын жарыялоодон улам купуялуулуктун бузулушуна алып келерин эскертти.
Буга байланыштуу Министрлик документ таап алган жарандарды аларды ээлерине кайтарып берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүнө (ААБ) өткөрүп берүүгө чакырды.
“Жоголгон документтерди издөө үчүн “Табылгалар бюросу” системасы иштейт, ал Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана “Түндүк” тиркемесинде кызмат катары сунушталган. Быйыл 11 айда 911 документ боюнча маалымат “Табылгалар бюросунун” базасына киргизилип, анын 316сы кайтарылган. Анын ичинде паспорттор, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк жана башка документтер бар”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жоголгон паспорттун ээси документ алуу үчүн кайрылса, кызматкер жаңы арызды кабыл алуудан мурда “Табылгалар бюросу” системасынан документти текшерет. Табылгандардын арасынан документ табылса, анда документти калыбына келтирүү маселеси жокко чыгып, документ ээсинин убакытысы жана каражаты үнөмдөлөт.



















