26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.
Ага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу мырза, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.
Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү.
Адан соң, маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды. Андан соң, маданият күндөрүнүн концерттик бөлүгү орун алып, кыргыздын бай маданияты жана искусствонун мыкты үлгүлөрү тартууланды. Анкара Чоң театры өзгөчө шаңга бөлөндү. Концерттик программа жандуу үн менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.



































Discussion about this post