Иран аскерлери америкалык MQM-170 учкучсуз учагынын (дронду) башкаруу системасын өз көзөмөлүнө алып, аны Ормуз кысыгынын батыш тарабына кондурду.
Бул тууралуу Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскер-деңиз күчтөрү билдиргенин иран ЖМКлары маалымдашты.
«Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскер-деңиз күчтөрү ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Ормуз кысыгынын батыш бөлүгүндө америкалык MQM-170 учкучсуз учуучу аппаратын аныктап, андан соң анын башкаруу системасын өз көзөмөлүнө алып, аппаратты бүтүн бойдон кондурууга жетишти», — деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун басма сөз кызматы жарыялаган билдирүүдө.
Ирандын аскерлери Перс булуңунун түштүк бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн биринин аймагынан учуп чыккан бул учкучсуз аппарат Перс булуңунун жээгиндеги жана Ормуз кысыгындагы Ирандын абадан коргонуу системаларын чалгындоо менен алектенгенин белгилешти.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн операция Иранга учкучсуз аппаратты, ошондой эле ал чогулткан маалыматтарды изилдөөгө мүмкүндүк берет.















