20дан ашык өлкөнүн тышкы иштер министрлери Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгинде ири конуш куруу планы эл аралык мыйзамдарды бузуп, андан ары зордук-зомбулукка алып келерин билдиришти.
20-августта Израилдин Kan мамлекеттик телеканалы Иудея жана Самариянын жарандык администрациясынын алдындагы комиссиясы Е1 аймагында (Мевасерет-Адумим району) 3400 турак жайдын курулушуна макулдугун бергенин, бул Иерусалим менен Маале Адумимди байланыштырарын билдирген.
Израилдин каржы министри Бецалель Смотрич бул чечимди тарыхый деп атаган.
E1 долбоору — бул Иерусалимдин чыгыш-араб бөлүгү менен Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Эль-Эзариа араб шаарынын ортосунда жайгашкан, болжол менен 12 чарчы километр аянтты ээлеген жер тилкеси. Долбоордун максаты — Израилдин Маале Адумим жана Иерусалим конуштарын бириктире турган конуш куруу, ошону менен Чыгыш Иерусалимдин айланасындагы Израилдин аймагын кеңейтүү.
Эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУ жана ири дүйнөлүк державалар бул долбоорду Палестина-Израиль тынчтык жараянына жана Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө тоскоолдук деп эсептейт.
E1 долбоору 2010-жылдын башында иш жүзүндө тоңдурулган. Ошол жылы Израил бул аймакта конуш курууну пландап жатканын жарыялаган, бул чоң эл аралык реакцияны жаратып, курулуштун токтотулушуна алып келген.
“Израилдин пландоо боюнча жогорку комитетинин Е1 аймагында конуштарды куруу пландарын бекитүүсү кабыл алынгыс жана эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Биз бул чечимди катуу айыптайбыз жана аны тез арада жокко чыгарууга чакырабыз”,-деп айтылат Британиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Документте бул курулуш Израилдин элине эч кандай пайда алып келбей тургандыгы, коопсуздукка шек келтируу коркунучу бар экендиги, мындан аркы зордук-зомбулукка жана туруксуздукка алып келе тургандыгы, тынчтыктын перспективасын кечеңдете тургандыгы баса белгиленген.
Билдирүүгө Австралия, Бельгия, Дания, Исландия, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Латвия, Литва, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия, Словения, Улуу Британия, Финляндия, Франция, Швеция, Эстония жана Япониянын тышкы иштер министрлери кол коюшту.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 20-август күнү БУУ Израилдин Батыш Жээктеги конуштарды куруу чечимин айыптай турганын жана басып алынган аймактарда конуш салуу аракеттерине каршы экенин билдирген.
Өткөн жылы БУУнун Эл аралык соту Израилдин Батыш жээкте жана Чыгыш Иерусалимде отурукташуу иш-аракеттерин мүмкүн болушунча тезирээк токтотуп, ал аймактарды, ошондой эле Газа тилкесин басып алууну токтотууга тийиш деген маанилүү чечимин чыгарган.


















