Видео
03/03 - 15:58 Title:
Индонезияда жанар тоо атылды (видео)
Индонезиядагы Синабунг жанар тоосу асманга беш чакырымга чейин жеткен күл бүрктү.
01/03 - 12:59 Title:
Француз окумуштуулары коронавирусту өлтүрүүчү жаңы беткап ойлоп табышты (видео)
Француз окумуштуулары коронавирусту өлтүрүүчү жаңы беткап ойлоп табышты. Ал төрт катмардан турат, алардын бири бактерициддик жана вируска каршы касиетке ээ.
25/02 - 13:01 Title:
Жапаровдун Путин менен биринчи жолугушуусу (толук видео)
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуусунун видеосун таратты. Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, з ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан. Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга жана чектөөлөргө карабай Жапаров менен жекеме-жеке көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.
Видео: Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматы
22/02 - 16:46 Title:
Орусияда дүйнөдө биринчилерден болуп британиялык штаммды аныктоочу тест жасалды (видео)
Орусияда дүйнөдө биринчилерден болуп коронавирустун британиялык штаммын аныктоочу тест-система катоого алынды. Аны Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институту жасап чыгарды.
18/02 - 14:41 Title:
Трамптын 39 кабаттуу мейманканасы жардырылды (видео)
АКШнын Нью-Жерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын мурунку президенти Дональд Трампка таандык болгон 39 кабаттуу “Trump Plaza” мейманкана-казиносу жардырылды. Имараттын жарылышынын видеосу YouTube-каналындагы NJ.com порталында жарыяланды. Бул мейманкана 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы онунчу казино болгон. Бирок ал 2014-жылы жабылып калгандыктан улам миндеген адамдар жумушсуз калган. Казино ишин токтоткондон кийин ага ээлик кылуу укугу 2016-жылы "Trump Entertainment Resorts" компаниясынан "Icahn Enterprises" компаниясына өткөн. Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл 2020-жылы өзүнүн администрациясына ошол маалда бузулуп баштаган имаратты бузуу тапшырмасын берген.
11/02 - 16:26 Title:
Америкалык рок-музыкант өлгөн агасынын скелетинен гитара жасап алды (видео)
Америкалык Принц Миднайт аттуу рок-музыкант өлгөн агасынын скелетинен гитара жасап алды. Тай акеси өлгөндөн кийин сөөгүн илимге арноону керээз кылган.
10/02 - 16:15 Title:
Ислам революциясынан кийин Иран кандай өзгөрдү? (видео)
1979-жылдагы Ирандагы Ислам революциясы өлкөнү ар тараптан жакшы жакка өзгөрттү.
10/02 - 15:51 Title:
Ирандагы Ислам Революциясынын жеңишинин 42 жылдыгына арналган мото жүрүш (видео)
Бүгүн, 10-февраль Ирандын бир катар ири шаарларындаИслам Революциясынын жеңишинин 42 жылдыгына арналган мото жүрүш өтүп жатат.
06/02 - 12:36 Title:
Амстердамда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктай башташты (видео)
Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктоочу экспресс-тесттер колдонула баштады. Анын жыйынтыгын бир нече мүнөттөн кийин билүүгө болот. Бул система бир нече ай бою сыноодон өтүп, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн. Тест Breathomix медициналык компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Компаняи буга чейин астма жана өпкө рагын аныктоочу аппарат жасап чыгарган.
04/02 - 15:24 Title:
Байыркы, заманбап, ажайып кооз. Иранга 6 мүнөттүк саякат (видео)
Иран — байыркы маданияты бар, бай тарыхка ээ, меймандос адамдар жашаган тынч, кооз, өнүккөн өлкө.Көп учурда Иранды Ирак менен алмаштыра беришет. Бирок Ирак же Ооганстан менен кошуна болгонуна карабастан, Иран аймактагы эң коопсуз өлкө бойдон калууда. Ирандын меймандос, боорукер жана жылуу жүздүү эли өлкөсүнө келген конокторду өзүнүн жеке коногундай абдан жакшы кабыл алышат жана ар дайым жардам берүүгө даяр. Аял-кишилер дагы эч нерседен коркпостон Иранга жалгыз саякаттай алышат.
29/01 - 17:27 Title:
Британияда учкучсуз учактар үчүн дүйнөдөгү алгачкы аэропорт курулат (видео)
Ковентри шаарында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташый турган учкучсуз учактар үчүн дүйнөдөгү алгачкы аэропорт курулат.
27/01 - 12:21 Title:
София аттуу адам сымал робот массалык түрдө өндүрүлө баштайт (видео)
София - адамга окшош робот. Мындай адам сымал роботтун биринчи версия 2016-жылы көрсөтүлгөн, бирок азыр массалык түрдө чыгарылуунун алдында турат. Учурда адамдар көбүрөөк баарлашууга муктаж, бирок ошол эле учурда аларды эпидемиологиялык коопсуздук тынчсыздандырат. Андроиддер жандуу баарлашууну алмаштыра албайт, бирок технологиянын өнүгүшү менен алар адам сымал болуп баратат. Мисалы, София баарлашууну жана эмоцияларын көрсөтүүнү билет. София Сауд Аравиянын жарандыгын алган.
26/01 - 15:22 Title:
Уфада мунай химиялык заводдо жарылуу болду (видео)
Уфадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан ири өрттү 120дан ашуун өрт өчүрүүчү өчүрдү. «Уфаоргсинтез» заводунун аймагындагы ачык аянтта мунай продуктулары салынган эки резервуар өрттөнүп, андан соң жарылуу болгон. Окуядан бир адам каза болуп, бирөө ооруканага жаткырылды.
25/01 - 16:55 Title:
Нидерландыдагы башаламандыктар (видео)
Нидерландыда полиция
Амстердам менен Эйндховендеги коронавируска каршы киргизилген чараларга каршы чыккан демонстранттарды күч менен таркатууда. Демонстранттар полицияга петарда ыргыта башташты. Коопсуздук күчтөрү митинчилерди таркатуу үчүн суу аткычтар менен союлдарды, Эйндховенде көздөн жаш агызуучу газдарды колдонушту. Бир нече ондогон адамдар кармалды.
25/01 - 13:38 Title:
Францияда адамдын эки колу ийиндери менен кошо трансплантацияланды (видео)
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө алгачкылардан болуп адамдын эки колун ийиндери менен кошо трансплантациялоо боюнча уникалдуу операция ийгиликтүү жасалды. Операция 15 саатка созулуп, ага төрт медициналык топ мобилизацияланган, даярданууга 50 кызматкер катышкан. Бейтап — 48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жыл мурун электр тогу уруп, эки колунан айрылып калган. Ушул убакыттын ичинде ал ондогон операцияларды башынан өткөргөн. Дарыгерлердин айтымында, бейтап операциядан кийин жакшы калыбына келип жатат. Лиондогу Эдуар Эррио ооруканасында мындай уникалдуу операция биринчи жолу жасалып жаткан жок, 90-жылдардын аягында, дүйнөдө биринчи жолу кол манжасы трансплантацияланган.
25/01 - 12:43 Title:
Дүйнөдөгү эң бийик лифт (видео)
"Байлун" деген аталыштагы бул лифт 330 метр бийиктикке 2 мүнөттүн ичинде жеткирет. Ал Кытайдагы Чжанцзяцзе улуттук паркында жайгашкан.
19/01 - 16:28 Title:
Италиялык дизайнер галстук-беткап ойлоп тапты (видео)
Неаполдук дизайнер Винченцо Ультурале галстук-беткап ойлоп тапты. Винченцонун фирмасы галстук-беткаптарды сентябрь айында сата баштаган.
18/01 - 12:06 Title:
Кышында жеңил бут кийим кийип жүрүү кандай ооруларга алып келет? (видео)
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кышында жеңил бут кийим кийип, бутту сууктан коргобосо бир катар ооруларга алып келерин эскертти.
15/01 - 17:51 Title:
Пхеньяндагы аскердик парадда «дүйнөдөгү эң кубаттуу курал-жарак» көрсөтүлдү (видео)
Пхеньянда Кореянын Эмгек партиясынын сегизинчи съездинин урматына аскердик парад өттү. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан парадда курал-жарактын бир нече түрү анын ичинде суу алдындагы кемелер үчүн жасалган баллистикалык ракета көрсөтүлдү.Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги аны «дүйнөдөгү эң кубаттуу курал-жарак» деп атады.
15/01 - 16:02 Title:
"НЛО" — Швециянын токоюндагы белгисиз учуучу мейманкана (видео)
Швецияда токойлордун бириндеги дарактын үстүндө "учуучу тарелка" түрүндөгү мейманкана пайда болду. "Treehotel" мейманканасынын ичиндеги бөлмөлөр космостук кеме катары жасалган. "НЛО" мейманканасы беш кишиге ылайыкталган. Ошондой эле бул жерде ванна бөлмөсү жана конок бөлмөсү бар.
15/01 - 12:52 Title:
Эрдоган коронавируска каршы эмдөөдөн өттү (видео)
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы шаардык ооруканадан коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
12/01 - 13:37 Title:
Орто-Токой суу сактагычында муз үстүндө коньки тээп бийлеген кыз (видео)
Тынчтык Мухамбетов Орто-Токой суу сактагычындагы муз тебүүнү видеого тартып, өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү. Видеого муз тебүүчү Карина Ураимова тартылган.
06/01 - 16:17 Title:
Бейрутта Касем Сулейманинин айкели орнотулду (видео)
Ливандын борбор шаары Бейруттагы Гобейри муниципалитетинде Ирандын шейит болгон генералы Касем Сулейманинин атындагы көчөдө анын айкелинин ачылыш аземи өттү. Эске салсак, бир жыл мурун, 3-январда Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы генерал Касем Сулеймани жана ирактык “Хашд-аль-Шааби” кыймылынын башчысы Абу Махди аль-Мухандис Багдад шаарында АКШнын учкучсуз учактары тарабынан өлтүрүлгөн.
04/01 - 16:27 Title:
Иракта ирандык белгилүү генерал Касем Сулеймани эскерилди (видео)
Иракта жана аймактын бир катар өлкөлөрүндө мындан бир жыл мурун АКШнын абадан жасаган соккусунда шейит болгон ирандык генерал Касем Сулеймани эскерилди.
28/12 - 16:27 Title:
Укмуштуудай кооздук! Соң-Көлдөгү күндүн батышы (видео)
Соң-Көл - Кыргызстандагы бийик тоолуу жана кооз көлдөрүнүн бири болуп саналат. Ал Нарын облусунда 3016 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдөгү күндүн батышын жапайы жаратылышты тарткан фотограф Иван Турковский тартып алган.
28/12 - 14:44 Title:
Кытайдагы эки кабаттуу көпүрө (видео)
Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы толкун сымалдуу эки кабаттуу көпүрөнү курууга үч жыл убакыт кеткен. Ал сентябрдын аягында ачылган. Конструкциянын жалпы узундугу 100 метр жана бийиктиги 140 метр.
24/12 - 16:28 Title:
Канадада 57 миң жылдык карышкырдын мумиясы табылды (видео)
Канадалык алтын казуучулар жакшы сакталган 57 мин жылдык карышкырдын мумиясы таап алышты. Маалыматка ылайык, бул жандык түбөлүк тоңдо жакшы сакталып калган. Карышкыр жерде 57 миң жылга жакын убакыттан бери жаткан. Бул жандык жакшы сакталып калгандыктан улам окумуштуулар анын жашоо мүнөзү тууралуу көптөгөн маалыматтарды алышты. Көп жылдык тоңдун температурасы өтө төмөн болгондуктан, жаныбарлардын жумшак ткандарынын бир нече миң жылдар бою жакшы сакталат. Табылган карышкырга “Жур” деген ысым ыйгарылды. Жаныбардын денесинин ар кандай бөлүктөрү, анын ичинде териси, түгү жана органдары толугу менен сакталып калган. Бул изилдөөнүн негизги изилдөөчүлөрүнүн бири Жули Мичен “Жур” - карышкырлардын мумиясынын эң жакшы сакталып калган үлгүсү экенин айтып, ал 100% сакталып калганын, бир гана көздөрү жетишперин билдирди. Изилдөөчүлөр мумиянын тиштеринин жана сөөктөрүнүн өсүшүн карап, болжол менен 7 жумалык курагында өлгөнүн аныкташты. Ошондой эле окумуштуулар бул жандык суу жаныбарлары менен тамактанганын жана лосось анын эң жакшы көргөн тамактарынын бири болгон болушу мүмкүн экенин аныкташты. “Жур” Уайтхорс шаарындагы “Юкон Берингия” интерпретациялык борборуна коюлат.
24/12 - 12:22 Title:
Франциялык жаран музда 2 жарым саат туруп дүйнөлүк рекорд койду (видео)
Франциялык 34 жаштагы дарыгер Роман Вандендорп муз салынган идиште 2 саат 35 мүнөт 43 секунда туруп, дүйнөлүк рекорд койду. Жаңы рекордду Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү катташты. Дарыгер өзүнүн экстремалдуу жетишкендигин онкологиялык оорулардан жапа чеккен балдарга арнады.
23/12 - 12:04 Title:
Иран элинен кыргыз элине белек: Иран өлкөсү куруп берген Ош шаарындагы спорт комплекси ачылды (видео)
Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланып, 21-декабрда пайдаланууга берилген спорт комплекс – байыркы Ош шаардагы эң чоң спорт комплекси болуп калды. Имараттын ачылыш аземи салтанаттуу ачылып, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Т.Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Иран Ислам Республикасынын элчисине ыраазычылык билдирди. Спорт комплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. 1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт. Комплекстин короосунда волейбол аянтчасы да бар. Мындан тышкары, кичинекей балдар ойноочу аянтча да курулду. Белгилей кетсек, Иран тарап Ош шаарына заманбап спорт комплекс куруу үчүн 1 млн доллар бөлөрүн айтып, 2011-жылы эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Бул каражат гранттык негизде берилип, спорт комплекс иран элинен кыргыз элине белек катары тапшырылды.
22/12 - 13:13 Title:
Путин 9 жаштагы баланын кыялын орундатып, аны менен хоккей ойноду (видео)
Орусиянын президенти Владимир Путин "Тилек балатысы" кайрымдуулук акциясына катышкан тогуз жаштагы Дима Ащепковдун кыялын орундатып, аны менен хоккей ойноду. Акция кыйын кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө арналган. Бала өзүнүн ачык катында Кызыл аянтта президент менен коньки тебүүнү кыялданарын жазган.
21/12 - 17:10 Title:
Жалбырактарды картинага айландырган япониялык сүрөтчү (видео)
Кендзи Хасимото аттуу япониялык сүрөтчү түшкөн жалбырактарды оюп-кескилеп, укмуштуудай картиналарды жаратат.
17/12 - 13:06 Title:
Орусия дүйнөдөгү жалгыз сууда сүзгөн танкты сыноодон өткөрдү (видео)
Орусия Кара деңизде дүйнөдөгү жалгыз сууда сүзгөн "Спрут-СДМ1" танкын сыноодон өткөрдү. Кургакта да сууда да жүргөн согуштук унаа сыноо учурунда суу тоскоолдуктарынан даярдыксыз өтүүгө, сууда сүзүп бара жатып ок атууга жана даярдалбаган жээкке оңой эле чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөттү.
16/12 - 16:11 Title:
Өзбекстан өзүнүн биринчи смартфонун чыгарды (видео)
"Навои" эркин индустриалдык зонасында "Өзбекстан" деген аталыштагы смартфондор чыгарыла баштады. Өндүрүштү ООО Telecom Devices PRO уюму колго алган.
16/12 - 12:32 Title:
Азербайжан менен Армения туткундарды алмаша башташты (видео)
Азербайжан менен Армения Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн ортомчулугу менен туткундары алмаша баштады. Тоолуу Карабактагы орус контингентинин командири Рустам Мурадов Азербайжанга 12 киши, Армения 44 киши кайтарылганын билдирди.
15/12 - 15:40 Title:
Казакстанда карышкырдын 9 метрлик айкели орнотулду (видео)
Казакстандын Караганда облусунун Улытау районунда тогуз метрлик карышкырдын скульптурасы орнотулгандыгын "Tengrinews" агенттиги билдирди. Улытау облусунун акимчилиги билдиргендей, айкел облус борборунан 30 чакырым алыстыкта орнотулуп, демөөрчүлүк каражаттын эсебинен жасалган. “Түрк мифологиясында карышкырга ыйык маани берилет. Ал уйсундардын, түрк жана монгол жомокторунда айтылган. Ошондуктан, биз “Көк Бөрі” айкелин Күмісбұлақ булагына жакын аймакка орнотууну чечтик. Аны скульптор Амантай Мендыгалиев жасаган. Айкелдин көлөмү 9 метрге жетет”, - деп билдиришти райондук акимчиликтен. Скульптура металл каркастан жасалып, сыртынан пластик менен капталган. Ал абанын температурасынын минус 60тан плюс 60 градуска чейин өзгөрүшүнө туруштук бере алат.
11/12 - 15:59 Title:
Азербайжан: Тоолуу Карабактагы жеңишке арналган парад (видео)
Бакуда Тоолуу Карабактагы жаңжалдын аякташына арналган жеңиш парады өттү. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Парадга 3000ден ашуун аскер катышып, Азербайжандын заманбап аскердик техникалары көрсөтүлдү.
09/12 - 17:27 Title:
Элчилер модель болгондо... Таиланддагы өзгөчө мода көргөзмөзү (видео)
Таиландда 100гө жакын мамлекеттин өкүлдөрү модель болуп, подиумдан өтүштү. Элчилер, консулдар, ардактуу консулдар жана алардын жубайлары чогулгандарга тайланддык жибектен тигилген кийимдерин көрсөтүштү.
08/12 - 17:01 Title:
Индиянын түштүгүндө белгисиз оору жайылууда (видео)
Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оорудан улам 500гө жакын адам ооруканага жаткырылып, бир киши каза тапты. Бейтаптардын бардыгында баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу, калтырап-титирөө белгилери бар.
02/12 - 16:13 Title:
Кытайдын космостук аппараты Айга конду (видео)
Кытайдын “Chang'e-5” аттуу зонду (космостук аппарат) кечээ, 1-декабрда Айга ийгиликтүү конду. Космостук аппарат Айга жетүү үчүн 112 саат жол жүрдү. Кытайлык зонд Айдагы топурактын үлгүлөрүн чогултуп, андан соң Жерге кайтып барат.
28/11 - 12:40 Title:
Үйүндө 480 мышык жана 12 ит баккан омандык аял (видео)
Омандын баш калаасында Мариям аль-Балуши аттуу аял үйүндө 480 мышык жана 12 ит багат. Баары 2008-жылы, анын уулу Мариямга перс мышыгын белек кылганда башталган. Андан бери алардын саны, негизинен, жолбун жаныбарлардын эсебинен кыйла көбөйгөн. Кээ бир жаныбарларды аялдын босогосуна өзүлөрү менен алып кеткиси келбеген эмигранттар таштап кетишкен. Балуши мындай ит-мышыктардын армиясын багуу үчүн айына дээрлик сегиз миң доллар сарптайт. Бирок, анын айтымында, чыгымдар аны тынчсыздандырбайт, анткени алар депрессиядан куткарат.
26/11 - 16:58 Title:
Марадона менен коштошуу зыйнаты (видео0
Буэнос-Айресте президенттик сарайда аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Марадона кечээ, 25-ноябрда 60 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болду.
25/11 - 18:05 Title:
Подмосковьеде теракт даярдап жаткан ИШИМдин мүчөлөрү кармалды (видео)
ФСБнын Коомчулук менен байланышуу борбору Подмосковьеде колго жасалган жарылуучу затты колдонуу менен теракт даярдап жаткан ИШИМ террордук уюмунун мүчөлөрүн кармаган видео тасма жарыялады.
19/11 - 13:49 Title:
Кожоюнун 11 жылдан бери күткөн орусиялык хатико (видео)
Орусиянын Тюмень облусунун Шестаков айылына жакын жерде Мишка аттуу ит жашайт. Ал Тобольск - Туртас унаа жолунда ээсин 11 жылдан бери күтүп келет. 2009-жылы Мишканын ээсин унаа сүзүп кеткен.Итти башка адамдар багып алганга аракеттенишкенде ал улуп, тамак да ичпей койгондуктан аны кайра кое беришкен.
17/11 - 13:09 Title:
Армяндар байыркы монастырь менен коштошуп жатышат (видео)
Дадиванк монастыры менен коштошууга Армениянын булуң бурчунан жүздөгөн христиандар келишти. Ал Азербайжанга өткөн Тоолуу Карабак аймагында жайгашкан. Дадиванк дүйнөдөгү бардык армяндар үчүн негизги ыйык жайлардын бири болуп саналат. Баку храмга эч кандай коркунуч келтирилберин жана каалоочулар ал жерге келе алышарын билдирди. Учурда монастырь орусиялык тынчтык күчтөрүнүн коргоосунда турат.
16/11 - 13:36 Title:
Талкаланган Степанакерт шаары (видео)
Армян тарап Тоолуу Карабактын бир нече аймагын расмий түрдө Азербайжанга өткөрүп берди. Таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын борбору Степанакерт (Ханкенди) Армениянын көзөмөлүндө калууда. Эми бул жерге орусиялык тынчтык күчтөрү жайгаштырылат. Москва Степанакертке ведомстволор аралык гуманитардык борбор жайгаштырууну пландап жатат. Согуш аракеттери башталганга чейин шаардын калкы 55 миңге жакын адамды түзгөн. Степанакерт шаары аймактагы башка көптөгөн калктуу конуштар сыяктуу эле талкаланды.
16/11 - 13:18 Title:
Египетте 100дөн ашуун саркофаг жана алтын жалатылган айкелдер табылды (видео)
Египеттик археологдор Саккара аймагынан 2500 жылдык 100дөн ашуун саркофаг жана алтын жалатылган айкелдерди таап алышты. Саркофагдардын көбүнүн ичинде мумиялар болгон.
14/11 - 13:45 Title:
Карабактан кетип жаткан армяндар үйлөрүн өрттөп жатышат (видео)
Тоолуу Карабактагы Карвачардын тургундары өз үйлөрүн өрттөп жатышат. Келишимге ылайык, шаар Азербайжанга өтүшү керек. Адамдар колунан келгендин бардыгын тышып чыгарып жатышат. Айрымдары дүкөндөрдү, турак жайларды жана подстанцияларды бузуп жатышат.
13/11 - 17:56 Title:
Түштүк Кореяда беткапты туура эмес тагынгандар айып пул төлөйт
Түштүк Кореяда беткап кийбегендер жана туура эмес тагынгандар 95 доллар айып пул төлөйт. Бул өлкөнүн бийлиги жарандарга үйдөн беткапсыз чыкпоону сунуштоодо. Эми беткапты коомдук жайларда гана эмес, жумушта дагы тагынуу керек.
13/11 - 12:02 Title:
Орусиянын тынчтык күчтөрү Степанакертке кирди (видео)
Колоннанын курамында бронетранспортерлор, автоунаа техникалары жана материалдык-техникалык камсыздоо каражаттары бар.
12/11 - 17:08 Title:
Сеулда учкучсуз учуучу такси көрсөтүлдү (видео)
Кечээ, 11-ноябрда Сеулда учкучсуз учуучу такси көрсөтүлдү. Унаа K-drone деп аталган система менен башкарылат. Мындай таксилерди толугу менен ишке киргизүү 2028-жылга пландаштырылган.
11/11 - 15:40 Title:
Тоолуу Карабакта согуштук аракеттер токтоду (видео)
Степанакерт менен Мартунинин жанында жарылуулардын үнү токтоду. Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери ок атышууну токтотуу жөнүндө билдирүүгө кол коюшту. Тараптар өз позицияларында турушат; Карабакта орусиялык тынчтык күчтөрүнүн келүүсү күтүлүүдө.
06/11 - 12:40 Title:
Ак үйдүн айланасындагы тосмолор алынууда (видео)
Ак үйдүн имаратынын айланасындагы тосмолор алынып жатат. Мындай чечимди 5-6-октябрь күндөрү болгон революциянын натыйжасында келген республиканын жаңы бийлиги кабыл алды.
03/11 - 13:45 Title:
Венадагы теракт: Чабуулчу ИШИМдин тарапташы болгон (видео)
Венадагы террордук чабуулда 3 киши набыт болуп, 15и жаракат алды. Кылмышкерлердин бири жок кылынды, экинчисин издөө иштери улантылууда.
31/10 - 11:51 Title:
Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттери (видео)
Кечээ, 30-октябрда Түркиянын Измир провинциясында күчү 6,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Андан улам 12 киши каза болуп, 522и жаракат алды.
29/10 - 16:55 Title:
Иран, Пакистан, Түркия жана Малиде Макронго каршы демонстрациялар өтүүдө (видео)
Азия, Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө Францияга каршы демонстрациялар токтобой жатат. Демонстранттар Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын жарыяланышына жана Франциянын президенти Эммануэль Макрондун билдирүүлөрүнө нааразычылык билдиришүүдө. Алар бул өлкөнүн желегин өрттөп, Макрондун сүрөтүн тебелеп-тепсеп, француз товарларына бойкот жарыялашууда.
28/10 - 12:50 Title:
Италияда туулган жашыл түктүү күчүк (видео)
Италиянын Сардиния аралындагы фермада өзгөчө жашыл түктүү күчүк туулду. Аны фисташка деп аташты. Күчүктүн мындай түстө туулушу мутация же гендик инженерия эмес. Күчүктүн мындай өңдө туулушуна энесинин курсагында жатканда өттөн чыккан жашыл зил себепчи болот. Убакыттын өтүшү менен пигмент жоголуп, түк кайрадан агарат.
26/10 - 12:55 Title:
Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктады (видео)
Хабиб Нурмагомедов үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоп, карьерасын жыйынтыктап жатканын айтты. Хабиб 29 беттеш өткөрүп, 29 жолу жеңишке жетти.
23/10 - 16:23 Title:
Дубайда дүйнөдөгү эң ири фонтан ачылды (видео)
Дубайдагы Пальма Жумейра аралына дүйнөдөгү эң ири фонтан курулду. Фонтандын аянты 7000 чарчы метрден ашып, суусунун агымынын бийиктиги 105 метрге жетет. “Пальма” фонтаны дүйнөдөгү эң ири фонтан катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Түстүү фонтан 3000ден ашуун жарык диод чырактары менен кооздолгон.
22/10 - 16:57 Title:
Камчы Көлбаевди кармап кетишкендеги видео
Бүгүн, 22-октябрь УКМКнын кызматкерлери кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармашты.
21/10 - 12:15 Title:
Ташкентте узундугу 10 метр шишкебек жасалды (видео)
Ташкенттеги "Навруз" паркында гастрономиялык фестиваль болуп өттү. Иш-чаранын конокторуна улуттук ашкананын тамактары сунушталып, узундугу 10 метр болгон шишкебек жасалды. Бул туурасында
Sputnik Өзбекстан маалымдады.
16/10 - 12:37 Title:
Депутаттар Кыргызстандын отставкага кеткен президентин кол чабуулар менен узатышты (видео)
Кечээ, 15-октябрь Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын жар салган.
13/10 - 15:49 Title:
Беларуссиянын ИИМи зарыл болсо аскер куралын колдонот (видео)
Беларуссиянын бийлиги зарыл болсо нааразычылык акцияларында атайын техникалар жана аскер куралдары колдонуларын жарыялады.
05/10 - 12:12 Title:
Египетте мумиялар салынган 59 саркофаг табылды (видео)
Египеттик археологдор Саккара комплексинен мумиялар салынган 59 саркофаг жана байыркы кудайлардын 28 айкелин таап алышты. Бул туурасында өлкөнүн туризм министри билдирди. 2500 жылдык 59 табылганын 40ы эл алдына коюлду. Алардын бири журналисттердин катышуусунда ачылды. Адистердин айтымында, саркофагдан табылган мумияланган калдыктар байыркы грек аристократына же кечилге таандык болгон.
02/10 - 12:33 Title:
Япониядагы куурчактардын айылы (видео)
Япониянын кичинекей Нагоро айылы коркунучтуу тасма тартуу үчүн эң сонун жер болушу мүмкүн. Бул жерде болгону 27 адам жашайт, бирок айылда эл жыш жайгашкандай көрүнөт. Жакшылап караганда, жашоочулардын көпчүлүгү куурчактар экендигин түшүнсө болот. Алар сүрөтчү Аяно Цукиминин колунан жаралган. Ал муну менен жалгыздык жана туулуп-өскөн айылынын ээн калуусу менен күрөшөт.
28/09 - 13:17 Title:
Тоолуу Карабахта абал курчуду (видео)
Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосунда кайрадан жаңжал башталды. Эки тарапта тең каза болгондор жана жаракат алгандар бар, алардын арасында жай тургундар да бар. Баку менен Ереван аткылоонун башталышы үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө. Армения аскердик абал жана 55 жашка чейинки эркектерди мобилизациялоону жарыялады. Азербайжан дагы аскердик абал киргизди.
26/09 - 10:55 Title:
Москвада 81-жаштагы пенсионер аял COVID-19га каршы вакцина алды (видео)
Москва шаарынын тургуну, 81 жаштагы Зинаида Пасечник коронавируска каршы вакцинанын сыноолоруна ыктыярдуу түрдө катышты. Ал муну менен карыларды эмдөө жасатууга үндөгүсү келген.
22/09 - 15:45 Title:
Токиодо ири автобус лабиринти пайда болду (видео)
Токионун унаа токтоочу жайында ири автобус лабиринти пайда болду. Пандемиянын кесепетинен көптөгөн туристтик автобустар токтоочу жайда токтоп тургандыктан улам Токионун транспорттук компаниясы автобустардан ири лабиринт түзүүнү чечкен. Туристтер лабиринттен чыгуунун жолу кыйын экендигин белгилешүүдө.
21/09 - 12:43 Title:
Таиланддагы учак рестораны (видео)
Таиланддын "Thai Airways" авиакомпаниясы Бангкокто уникалдуу учак ресторанын ачты. Бармен жана официанттар стюарддардын формасын кийип иштешет. Ресторан күнүнө 2000 адамды тейлейт.
19/09 - 14:54 Title:
Кытай: Футбол ойногонду үйрөнгөн балыктар (видео)
Кытайлык жаран карантин учурунда зериккендиктен улам аквариумдагы балыктарына футбол ойногонду үйрөткөн.
18/09 - 11:17 Title:
Түркияда учуучу унаа ийгиликтүү сыналды (видео)
Түркиянын Стамбул шаарында “Cezeri” деп аталган учуучу унаанын алгачкы сыноосу ийгиликтүү өттү. Түрк инженерлери тарабынан долбоорлонуп, өндүрүлгөн “Cezeri” прототиби 10 метр бийиктикке көтөрүлдү. Бирок, бул учуучу авто унаа жакшыртылгандан кийин ылдамдыгы саатына 100 чакырымга чейин жетип, эки миң метр бийиктикке чейин көтөрүлүүсү күтүлүүдө.
15/09 - 16:20 Title:
Бейрутта курулуп жаткан соода борборунда өрт чыкты (видео)
Ливандын борбору Бейрут шаарында курулуп жаткан соода борборунда ири өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрө алышты.
14/09 - 12:36 Title:
Анкараны кумдуу бороон каптады (видео)
Анкара шаарынын чет жакасын кумдуу бороон каптады. Кумдуу бороондон алты адам жаракат алды. Жергиликтүү тургундарга стихия кайтып келиши мүмкүн экендиги эскертилди.
14/09 - 12:00 Title:
Дубайда толугу менен роботтоштурулган кафе ачылды (видео)
Дубайда толугу менен роботтор башкарган алгачкы кафе ачылды. Бул роботтор кардарларга автоматтык түрдө кызмат көрсөтөт. Кафедеги кызматтын бул түрү коронавирус пандемиясы учурунда кыйла коопсузураак болуп саналат. Шаардагы “Dubai Festival City” заманбап бизнес жана көңүл ачуу районунда жайгашкан “RoboCafe” ар кандай органикалык ысык суусундуктарды, ошондой эле алкоголсуз коктейлдерди жана закускаларды сунуш кылат.
14/09 - 12:19 Title:
Алтайдагы укмуштуу көл (видео)
Бул укмуштуу көл Алтайда жайгашкан. Жылуу мезгилде ал кызгылт түскө боёлот. Бурлинск көлүндө Батыш Сибирдеги эң ири туз кендери бар. Анын түбүндө рельстер бар, аны бойлой туз комбайны жүрөт, бирок ал суу үстүндө жүрүп бараткандай сезилет.
12/09 - 14:06 Title:
Читарум - дүйнөдөгү эң булганыч дарыя (видео)
Индонезиянын Батыш Ява аймагындагы Читарум дарыясы - планетадагы эң булганыч дарыя деп эсептелинет. 50 жыл мурун бул дарыядан балыктар кармалса, эми таштандылар кармалат. Ишканалар таштандыларын бул жерге төксө, тургундар дарыяны таштанды катары колдонушат. Ошол эле учурда, Читарум бассейнинде 5 миллиондой адам жашайт жана алар үчүн дарыя суунун жалгыз булагы болуп саналат.
11/09 - 11:27 Title:
Бейрут портундагы ири өрт (видео)
Кечээ, 10-сентябрда Ливандын борбор шаары Бейруттун портунда дөңгөлөктөр жана унаа майлары сакталган кампада ири өрт чыкты. Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандар болгон жок. Өрт менен ондогон өрт өчүрүүчү бригадалар алпурушуп, аларга аскердик тик учактар жардам берди. Өрт кечке жакын өчүрүлдү.Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Версиялардын бири боюнча ошол жерде жарылуудан кийин калган таштандылар өрттөлүп, жалын кампага жайылып кеткен.
10/09 - 17:15 Title:
Казакстандагы уникалдуу эко-мечит (видео)
Нур-Султан шаарындагы "Кудайдын гүлү" деп аталган Ырыскелди Кажы мечити салттуу орнаменттер колдонулуп, постмодернизм стилинде курулган. Мечит үчүн электр энергиясын күн батареялары иштеп чыгарат.
07/09 - 15:04 Title:
Лукашенкого каршы биримдик маршы (видео)
Беларуссиянын шаарларында президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы массалык нааразычылыктар токтобой жатат. Жекшемби күнү демонстрациялар "Биримдик маршы" деген жалпы аталышта уюштурулду.
03/09 - 13:02 Title:
Жакарта: Асфальтка тартылган 3D дарыя (видео)
Жакартанын (Индонезия) көчөлөрүнүн биринде ири 3D дарыя пайда болду. Долбоордун үстүнөн иштеген сүрөтчүлөр коронавирус пандемиясы учурунда адамдардын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышкан.
27/08 - 16:30 Title:
Бейрут: Жарылуудан кийинки жашоо (видео)
Бейрут портундагы жарылуу Ливандын борборунун экономикасына катуу сокку урду. Кырсыктан келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтө кыйынга турат: ресторан тармагын калыбына келтирүүгө гана миллиард доллар талап кылынат.
26/08 - 16:42 Title:
Ооганстандын чыгышында сел жүрүп, кеминде 70 киши каза тапты (видео)
Ооганстандын Парван провинциясында сел жүрүп, кеминде 70 киши каза таап, 100дөн ашууну жаракат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жабыркагандардын көбү аялдар жана балдар экенин кабарлашууда.
22/08 - 12:00 Title:
Япониянын парктарында "акылдуу" дааратканалар орнотулду (видео)
Япониянын парктарында айнектен жасалган "акылдуу" дааратканалар пайда болду. Анын ичине адам кирип, эшигин жапкандан кийин ичи-тышы көрүнбөй калат. 2021-жылдын аягына чейин шаарда мындай 17 даараткана пайда болот. Алардын ар биринин өзгөчө өзгөчөлүктөрү бар болот.
18/08 - 17:48 Title:
Индиялык эки жаштагы кыз менен пилдин достугу (видео)
Индиялык эки жаштагы Бхама бүт убактысын Ума Деви аттуу пили менен өткөрөт. Ал атасы менен бирге пилге тамак берип, андан соң ага отуруп алып чогуу сейилдөөгө чыгышат. Социалдык тармактарда кыз менен пилдин достугуна суктанышат, бирок кошуналары анын ата-энесин сынга алып, кичинекей Бхаманын коопсуздугуна тынчсызданышат.
17/08 - 11:22 Title:
Латвиядагы абада илинип турган адаттан тыш мейманкана (видео)
Латвиялык ишкерлер айнектен жасалып, абада илинип турган адаттан тыш мейманкана курушту.
13/08 - 13:55 Title:
Sputnik V — COVID-19га каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина (видео)
COVID-19га каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина Орусияда катталды. Препарат Sputnik V деп аталды. Ал Гамалея борборунда жана "Биннофарм" компаниясында өндүрүлө баштайт. Аны биринчилерден болуп дарыгерлер алышат. Анын массалык өндүрүлүшү 2020-жылдын аягына пландаштырылды. Вакцинация акысыз жана ыктыярдуу болот.
11/08 - 11:44 Title:
Ливандын өкмөтү отставкага кетти (видео)
Бейрут портундагы жарылууга байланыштуу өткөн массалык нааразылык акцияларынан кийин Ливандын өкмөтү отставкага кетти.
07/08 - 20:12 Title:
Бейруттун жарылууга чейинки жана кийинки көрүнүшү (видео)
4-августта Ливандын борбор шаары Бейруттагы деңиз портунда эки катуу жарылуу болгон. Андан улам каза болгондордун саны 157ге жетип, 5000ден ашууну жаракат алды.
06/08 - 14:56 Title:
Ирандагы көгүчкөндөрдүн мунаралары (видео)
Иранда XVI — XVII кылымдарда сефевиддердин тушунда көгүчкөндөр үчүн атайын көп сандаган мунаралар курулган. Мындай тарыхый курулуштардын көбүн Ирандын Исфахан жана Йезд шаарларынан көрүүгө болот. Ирандыктар көгүчкөндөрдү алардын кыгын алуу үчүн багышкан. Көгүчкөндөрдүн кыгы ал кездерде топурак үчүн мыкты жер семирткич катары пайдаланылган. Качандыр бир убакытта Исфахан шаарында мындай курулуштардын саны 3 миңге жетчү, тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 300дөй эле мунара сакталып калган. Алардын көпчүлүгү жарым-жартылай бузулган абалда турат.
05/08 - 11:22 Title:
Жорж Флойддун кармалышы тууралуу мурда жарыяланбаган эксклюзивдүү видеосу
Полиция офицерлери Томас Лейн жана Алекс Куэнг тарткан видеодон көрүп тургандай, тартип сакчыларынын бири Флойддун башына тапанча такап, Флойд аны атпоону суранган, андан кийин афро-америкалыкты унаадан сууруп чыгарышып, колуна кишен салышкан. Полиция кызматкерлери аны кызматтык унаага отургузууга көпкө аракет кылышат, бирок Флойд кыйкырып, ыйлап анын клаустрофобиясы бар экенин айткан. Флойд полициянын унаасынан ага дем жетпей жатканын айткан, бирок полиция ага эч кандай реакция кылган эмес.
05/08 - 10:52 Title:
Бейрутта болгон жарылуунун кесепети (видео)
Кечээ, 4-августта Ливандын борбор шаары Бейруттагы деңиз портунда болгон катуу жарылууда кеминде 78 адам каза болуп, 4000ге жакын адам жаракат алды.
04/08 - 23:33 Title:
Бейрутта катуу жарылуу болду (видео)
Ливандын борбор шаары Бейрутта катуу жарылуу болду. Жарылуунун себептери азырынча белгисиз. Айрым маалымат булактары жүздөгөн адамдар жабыркаганын маалымдашууда.
03/08 - 13:51 Title:
Ямалдагы көлдүн жээгинен мамонттун калдыктары табылды (видео)
Орусиянын Ямал-Ненецкий автономдуу аймагынын Сеяха айылынын тургундары мамонттун калдыктарын таап алышты. Бул табылганы Арктиканы изилдөө боюнча илимий борбордун окумуштуулары иликтейт.
30/07 - 17:00 Title:
«Ата-Бейиттеги» коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы (видео)
Бүгүн, 30-июль Кыргыз өлкөсүндө коронавирустан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү. «Ата-Бейитте» коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Ага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков жана жогорку даражалуу аткаминерлер катышты.
30/07 - 16:46 Title:
Британиялык компания туристтик космостук кеменин интерьерин көрсөттү (видео)
Британиялык "Virgin Galactic" компаниясы "SpaceshipTwo" туристтик космостук кемесинин интерьер-дизайнын көрсөттү. Суборбиталдык кеме коммерциялык космостук учууларга арналган.
29/07 - 15:26 Title:
Ирандыктардын калямкари искусствосу (видео)
Калямкари — ирандыктардын кездемеге сүрөт түшүрүү искусствосу болуп саналат. Сүрөт кол менен да жана атайын мөөр штамптарынын жардамы менен түшүрүлөт. Кездемеге негизинен тарыхый жайлардын, үй жана жапайы жаныбарлардын, музыканттардын, гүлдөрдүн сүрөттөрү жана арабеска, жазуулар, перс акындарынын чыгармаларындагы цитаталар түшүрүлөт. Калямкари пахта кездемесинен жасалып, аны жасоодо бир гана табигый боёктор колдонулат.
25/07 - 11:41 Title:
Айя-Софияда 86 жылдан бери биринчи жолу жума намазы окулду (видео)
Кечээ, 24-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы Айя-София имаратында биринчи жолу жума намазы окулду. Ага
миңдеген мусулмандар анын ичинде өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты. Ыйык София 1934-жылдан бери музей болуп келген. Бирок июль айында Түркиянын Мамлекеттик Кеңеши аны мечит катары колдонууга уруксат берген.
24/07 - 18:05 Title:
Дүйнөдөгү эң бийик телемунаралардын катарына кирген Ирандагы Борж-е Милад мунурасы (видео)
Борж-е Милад - мунарасы Ирандын борбор шаары Тегеранда жайгашкан эң бийик имарат болуп саналат. Анын бийиктиги башындагы антеннанын учуна чейин 435 метрди түзөт. Мунара бир нече жылдардын бери Тегерандын негизги символдорунун бири жана жетишкендиги болуп, борбор шаардын сырткы көрүнүшүн толуктап турат. Мунаранын ичинде конокторду бир мүнөткө жеткирбей башына алып чыккан алты лифт кызмат кылат. Анын алдыңкы алты кабатында ар кандай соода борборлору жана көргөзмө залдары жайгашкан. Милад - эң сонун архитектуралык эстелик жана кооздугу менен дүйнө жүзүндөгү туристтерди өзүнө тартуучу Ирандагы жетишкендиктердин бири. Бул телемунара дүйнөдөгү эң бийик, кооз жана туристтер көп барган алты телемунаранын катарына кирет.
22/07 - 19:43 Title:
Бурятияда Будданын 41 метрлик статуясы жасалды (видео)
Орусиядагы Будданын эң ири айкелдеринин бири Бурятияда курулду. Конструкциянын каркасын жасоого 30 тоннадай металл кеткен. Монументтин бийиктиги 41 метр, туурасы 29 метр.
22/07 - 11:56 Title:
Луцк шаарындагы барымтадагы адамдар бошотулду (видео)
Украинанын Луцк шаарында барымтага алынган автобустун жүргүнчүлөрүнүн баары бошотулду. Бул окуядан эч ким жабыркаган жок. Террорчу кармалды.
21/07 - 16:43 Title:
Ак аюулар 2100-жылга чейин жок болуп кетиши мүмкүн (видео)
Арктикада муздун эришинен улам ак аюлар 2100-жылга чейин жок болуп кетиши мүмкүн.