• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
37 Категория: Интернет и СМИ - Published: 13/01 - 16:15

YouTube видеохостингинин жетекчилиги АКШнын учурдагы президентинин аккаунтунан видеолорду жарыялоо жана берүү мүмкүнчүлүгүн жети күнгө токтотту.

«ir.Sputnik News» агенттиги «Axios» порталына шилтеме берип, бүгүн, шейшемби күнү YouTube видеохостингинин жетекчилиги АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын расмий аккаунтунан акыркы видеону өчүрүп, видео киргизүү жана жарыялоо мүмкүнчүлүгүн жети күнгө токтотконун маалымдады.
YouTube “Кылдаттык менен карап чыгып, зордук-зомбулуктун уланып кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам Дональд Трамптын каналына жүктөлгөн жаңы материалды алып салдык жана биздин зомбулукка үндөө боюнча саясатыбыздын бузулганы боюнча эскертүү жасадык. Натыйжада, биздин узак мөөнөттүү эскертүү тутумубузга ылайык, аккаунт ээси жаңы видеолорду же түз эфирлерди жок дегенде жети күнгө жүктөй албайт жана ал узарышы дагы мүмкүн”, - деп билдирди.
“Axios” порталы жарыялаган маалыматка караганда, видеохостинг зомбулукту козутуу коркунучунан улам АКШ лидеринин каналындагы тасмаларга комментарий берүү мүмкүнчүлүгүн дагы токтотту.
Буга чейин Twitter Дональд Трамп мыйзамды бузгандыктан, ошондой эле башаламандык уюштурууга аракет кылышы мүмкүн деген коркунучтан улам Трамптын жеке аккаунтуна кирүүнү биротоло жаап салганын жарыялаган.
Мындан тышкары, Трампка Facebook жана Instagram баракчаларында билдирүү жарыялоого дагы тыюу салынган. Мындан тышкары, Apple компаниясы АКШнын азыркы лидеринин күйөрмандары арасында популярдуу болгон Parler микроблогунун кызматын App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент