• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
414 Категория: Интернет и СМИ - Published: 17/11 - 14:33

Керимбек Калыкулов өзү башкы директор болуп иштеп кеткен ОшТВ телеканалынын башкы директору болуп кайра дайындалды.

Бул тууралуу маалыматты ал өзү тастыктады.

Калыкулов буга чейин ЭлТР МТРКсынын башкы директорлук кызматында иштеген. Ал кызматтан бошотулганда жамааттын басымдуу бөлүгү аны колдоп, Өкмөттөн кетирбөөнү суранып, бир канча акцияларды уюштурган.

Керим Калыкулов 1981-жылы туулган. Ош МУнун Кыргыз филологиясы факультетин кызыл диплом менен аяктаган.

Ал журналистикада көп жылдык тажрыйбасы бар. Ал эмгек жолун Ош МУнун студенттик “Нур” гезитинде башкы редактор болуудан баштап, кийин “Үмүт” телестудиясында директор, Ош МУда окутуучу, Өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитинин башкы редакторунун орун басары кызматында иштеген. Ошондой эле, Ош шаардык “Ош шамы” гезитинин башкы редактору, Ош шаардык мэриясынын, Ош МУнун маалымат кызматын жетектеген.

2020-жылдын акыркы 9 айында ЭлТРдин башкы директору болуп иштеп турган.

Калыкулов 2014-жылдын июль айынан баштап, ОшТВ телеканалынын башкы директору болуп кызматка киришет. Ал иштеп турган убакта, телеканалга жаңы имарат салууга жетишкен.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент