• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
16 Категория: Общество - Published: 22/02 - 16:21

АКШнын Улуттук Аллергия жана Жугуштуу оорулар институтунун директору Энтони Фаучи Американын жарандары COVID-19 оорусунан коргонуу үчүн 2022-жылдын аягына чейин беткап кийиши мүмкүн экенин билдирди.

Доктор Энтони Фаучи CNN телеканалына берген маегинде: “АКШ ушул жылдын аягына чейин коронавирус эпидемиясына байланыштуу кадимкидей деңгээлге жетсе дагы, жарандар илдеттен коргонуу үчүн беткап кийип жүрүүнү улантышы мүмкүн”, - деди.Бул тууралуу Irna news агенттиги билдирди.
Ал “Америкалыктар 2022-жылы дагы беткап кийип жүрүшү зарылбы?”, - деген суроого "Менин оюмча, бул мүмкүн", - деп жооп берди.
Америка Кошмо Штаттарында вируска каршы эмдөөгө карабастан, доктор Фаучи коронавируска жана вирустун жаңы штаммдарына каршы күрөшүү үчүн чектөө жана профилактикалык иш-чараларды улантуу маанилүү экенин баса белгиледи.
Энтони Фаучи Кошмо Штаттар эпидемияга чейинки кадимки абалына качан кайтып келээрин айта албастыгын, бирок, АКШ ушул жылдын аягына чейин эпидемиянын алгачкы баскычындагы коркунучтуу кырдаалга салыштырмалуу кадимкидей жакшы деңгээлге чыгып каларын билдирди.
Жо Байдендин өкмөтү бийликке келгенден бери АКШда коронавирустун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн беткаптарды колдонууну талап кылып келе жатат.
Расмий маалыматтарга караганда, Америка Кошмо Штаттары боюнча болжол менен 28,8 миллион адам коронавирус менен ооруду жана 511 миңден ашуун адам бул илдеттен каза болушту.  Дүйнө жүзүндө бул илдет менен ооругандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда турат.
Учурда Кошмо Штаттарда болжол менен 10,6 миллион адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.
Буга чейин, Энтони Фаучи COVID-19дун мутацияларынан жана вирустук эволюциядан улам өлүмдүн көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы