• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
21 Категория: Общество - Published: 22/02 - 15:21

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге коронавирус пандемиясы 2022-жылдын башында токторун даниялык DR телеканалына берген маегинде билдирди.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Ал пандемия кийинки жылдын башында аяктарын айтып, ошол убактан баштап коронавирустук чектөөлөрдү киргизүүнүн кажети жок экенин билдирди. Эл аралык уюмдун өкүлүнүн айтымында, коронавирус 2021-жылы да уланат, бирок 2020-жылга салыштырмалуу кырдаал жакшыраак болуп, аны башкарууга болот.

Клюге ошондой эле коронавирус пандемиясынын эң начар сценарийи артта калганын айтып, вирус жөнүндө азыр 2020-жылга караганда көбүрөөк маалымат бар экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда, ал өзүнүн божомолун гана айтып жаткандыгын жана пандемия менен байланышкан кырдаалдын тегерегиндеги окуялар кандайча өнүгөөрүн эч ким алдын ала айта албагандыгын эскертти. “Вирус кала берет, бирок (2022-жылдын башынан тартып) чектөөлөрдү киргизүүнүн кажети жок деп ойлойм. Бул оптимисттик билдирүү”, - деп кошумчалады ДССУнун өкүлү.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент