• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
50 Категория: Общество - Published: 18/02 - 14:57

Ирандагы Азирети Имам Хомейни атындагы аткаруу штабынын башчысы Мухаммед Мохбер өлкөдө өндүрүлгөн вакцина коронавирустун Улуу Британияда табылган штаммына каршы 100 пайыз натыйжалуу экенин жарыялады.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Мухаммед Мохбер Фарс провинциясынын Мехр шаарында этанды бөлүп алуу боюнча өлкөдөгү эң ири долбоордун биринин ачылыш аземинин алкагында “Irib” агенттигине берген интервьюсунда, Ирандын коронавируска каршы вакцинасын адамга сыноосунун биринчи этабынын ийгиликтүү аяктагандыгына жана анын жакшы натыйжаларына токтолуп, “Ков-Баракат вакцинасына ар кандай анализдер жүргүзүлүп, бул вакцина Британияда мутацияланган коронавируска каршы 100 пайыз натыйжалуу экени аныкталды”, - деп билдирди.
Ал Ирандын бул вакцинасынын адамга сыноосунун экинчи этабы март айларында башталаарын билдирип, “Эгерде экинчи фазанын жыйынтыктары ийгиликтүү болсо, анда ыктыярчылар үчүн эмдөө сыноосунун үчүнчү этабы апрель айларынын аягында башталат”, - деди.
Мухаммед Мохбер, мындан тышкары Ирандын коронавируска каршы вакцинасынын илимий долбоорлорун алдыга жылуусу менен катар, бул вакцинанын массалык өндүрүштүк инфраструктурасы да өнүгүп жатканын, өлкөдө коронавируска каршы вакцина өндүрө түрган, өндүрүштүк кубаттуулугу айына 2-3 миллион доза болгон аймактагы эң ири ишкана жакынкы эки жумада ачыларын баса белгиледи.
Ошондой эле, анын айтымында июнь айынын аягына чейин өлкөдө бул ишкананын курулушунун экинчи этабы ишке ашырылып, айына 14-15 миллион доза вакцина өндүрүү үчүн инфраструктура камсыздалат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент