• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
82 Категория: Общество - Published: 17/02 - 11:23

Француз окумуштуулары коронавирус менен ооруган айрым бейтаптардын көздөрүндө өзгөрүүлөр болгонун байкашты.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Француз окумуштуулары COVID-19 жуктуруп алган 129 бейтаптын 9унун көз алмасында аномалия байкалганын МРТнын жардамы менен аныкташкан. Бейтаптардын көзүнүн артында бир же бир нече түйүн байкалган. Алардын ичинен сегиз бейтаптын эк көзүндө тен мындай түйүндөр көрүнгөн.
Дарыгер Августин Леклерк “Биз скрининг бөлүмүндө COVID-19 менен оор абалда реанимация бөлүмүнө түшкөн бейтаптарды изилдейбиз жана бул бейтаптар атайын дарылоодон өтүп, көздөрүн коргошу керек деп эсептейбиз”, - деп билдирди.
Коронавирустар - бул жаныбарларга жана адамдарга жугуучу вирустардын чоң тобу. Көпчүлүк белгилүү болгон коронавирустары адамдын дем алуу органдарында бир катар инфекцияларын пайда кылат. Суук тийүүдөн баштап, андан дагы олуттуу ооруларга чейин, Жакынкы Чыгыш Респиратордук Синдрому (MERS) жана Курч Респиратордук Синдрому (SARS) сыяктуу ооруларга чейин алып келет.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы