• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
10 Категория: Общество - Published: 17/02 - 11:12

2021-2025-жылдарга карата чек ара аймактарындагы калктын жашоосун жакшыртууга багытталган программа сунушталууда.

 15-февралдагы Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага жакын аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев аталган программа Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштыруу, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган калктын турмушун  жакшыртуу, ыңгайлуу шарттарды түзүү менен ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыкканын маалымдады.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов чек ара аймактарындагы элдин социалдык-экономикалык маселелерине токтолуп: "Калктын турмушун жакшыртуу аркылуу гана чек арага жакын аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Анын ичинен, коңшу мамлекеттер менен жүргүзүлүүчү соода байланыштарын камсыздап беришибиз керек", - деди.

Ал эми депутат Чынара Урумкалиева ушундай эле программа 2012-жылдан бери ишке ашырылып келе жатканын белгилеп: "Эмне жасалып, эмне жасалбай калгандыгын тактап, анализденген маалыматтар берилиши керек болчу. Алсак, электр энергиясына, таза суу маселесине байланыштуу мерчемделген иштер аткарылган жок. Тагыраагы, эмне жумуштар жасалганы белгисиз", - деп кошумчалады.

Өз кезегинде Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев 2013-2017-жылдар аралыгында мерчемделген 95 иш пландын жетөө аткарылбай, 1,6 млрд сомдук көлөмдөгү жумуштар жасалган. Ал эми 2018-2020-жылдар аралыгында 33 пунктан турган иш-чаралар каралып, ага 303,3 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине 81 айыл жана 9 участок кирет.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент