• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
21 Категория: Общество - Published: 13/01 - 16:03

Өзгөн шаарындагы жеке менчик клиникадан өрт чыгып, 500 чарчы метрден ашык аянты күйүп кетти.

Өрт башталганда имараттын ичинен 1 медайым, 12 бейтап эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Окуя кечээ кечинде жүз берген. Өрттү өчүрүүгө 3 техника тартылып, өздүк курамдын 12 кызматкери иш алып барган жана төрт саат аралыгында толугу менен өчүрүлгөн. Адистердин билдирүүсүндө, жеке менчик клиника Өзгөн аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан.

Дарыланып жаткан бейтаптардын бири 2 колунан 2-3-даражадагы күйүк алган. Анын абалы жакшы.

Өзгөн аймактык ооруканасынын башчысы Сатар Жусуповдун айтымында, эвакуацияланган адамдардын баарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылган. Учурда өрт эмнеден улам келип чыкканы такталууда.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент