• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
30 Категория: Общество - Published: 13/01 - 15:59

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине ок чыгаргандар изделип жатат.

Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү укук коргоо органдарына 13-январга караган түнү, саат 01:10до түшкөн.

Анда Кара-Кулжа райондук милициясынын кызматкери автоунаасында отурганда бейтааныш киши кол салып, айнектин сыртынан ок чыгарган. Инспектордун эки далысынын ортосуна чачма октор тийген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Райондук милициянын тергөөчүсү автоунаадан түшкөндө аны да бирөө далыга аткан. Кызматкер табелдик куралы менен шектүүгө ок чыгарганда ал из жашырууга үлгүргөн.
Милиционерлер аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен каттоого алынган. Кылмыштын бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна "Перехват "операциясы киргизилип, Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган.

Учурда шектүүлөрдү аныктап кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент