• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
21 Категория: Общество - Published: 13/01 - 11:42

Буга чейин Түштүк Африкада аныкталган коронавирустун жаңы түрү Германияда да катталды. 

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Германиянын бийлиги Түштүк Африкадан чыккан  коронавирустун жаңы түрүн жуктуруунун биринчи учуру Баден-Вюртемберг федералдык жеринде катталганын билдирди. Маалыматка караганда, вирустун мутацияланган түрүнүн биринчи учуру Түштүк Африкадан Баден-Вюртембергге келген үй-бүлөдөн табылган.

Вирус аныкталган үй-бүлө Германияга келгенден кийин карантинге алынган. Беш күндөн кийин, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы терс  чыккан. Бир нече күндөн кийин аларда оорунун жеңил белгилери байкала баштаган. Үй-бүлөдө биринчи ооруп калган адамдын экинчи ирет тапшырган тести лабораторияга жөнөтүлүп,  Түштүк Африка Республикасынан чыккан штаммды жуктуруп алгандыгы тастыкталган.

Учурда коронавирус үч үй-бүлөдөн алты адамдан табылды. Түштүк Африкада SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы мутациясы аныкталгандыгы 19-декабрда белгилүү болгон.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент