30 Категория: Общество - Published: 12/01 - 15:30

АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Дональд Трамп акыркы күндөрү өзүнүн партиясынын мүчөлөрүнүн көп сын-пикирине кабылды.

Жакында эле белгилүү актер жана Калифорниянын мурунку губернатору Арнольд Шварценеггердин Твиттердеги баракчасына жарыяланган видео коомчулуктун жана журналисттердин көңүлүн бурду. Анда актер  Капитолийдеги акыркы чабуулду нацизм учурундагы “Хрусталь түнүндөгү” окуяларга салыштырган. Бул тууралуу “Regnum”  агенттиги билдирет.

Шварценеггер Трамптын Ак үйдүн башчысы катары ишмердүүлүгүнө “Ал  эң начар президент катары тарыхка кирет”, - деп баа берген. Журналисттер белгилегендей, бул макала жазылып жаткан учурда, актердун Твиттердеги баракчасындагы роликти социалдык тармактын 28 миллиондон ашык колдонуучулары көргөн. “Мен Австрияда туулгам жана Хрусталь түнү жөнүндө жакшы билем. 1938-жылы жөөттөрдү массалык түрдө жок кылуу түнү болгон ... Шаршемби күнү Хрусталь түнү  дал ушул жерде, АКШда болду”, - деди Арнольд.