• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
8 Категория: Общество - Published: 06/01 - 18:02

Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандыктар Оштогу саламаттыкты сактоо мекемелерине алты даана тез жардам автоунаасын алып беришти.

Бул тууралуу Ош облустук санитардык-автоунаа мекемесинин жетекчиси Байыш Маматов билдирди.

Машиналар Ош облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө, облустук төрөт үйүнө, Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна, облустар аралык Онкология борборуна, Кара-Суу райондук медицина борборуна жана Нариман аймактык ооруканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Ошто коронавирус пандемиясы башталган алгачкы айларда бейтаптарды тейлөөдө тез жардам автоунааларынын жетишсиздиги, зарыл техникалык жабдыктардын жоктугу даана байкалган. Мындан улам өлкөдөгү саламатык сактоо тармагына кол кабыш кылууну максат кылган мекендештер тез жардам унаасын Кореядан алып келип беришти.

Пандемиясы башталган күндөн тартып, Ош облусуна демөөрчүлөр жана мигранттар тарабынан жалпы 21 тез жардам машинасы берилген.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-январдагы маалыматы боюнча, илдетке чалдыккандар 81 656 адамга жетти. Алардын 77 170си айыгып, 1361 бейтап каза болду.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент