• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
21 Категория: Общество - Published: 06/01 - 17:57

Кыргызстанда 2021-жылдын, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт.

Бул шайлоодо да добуш сатып алууга каршы аракеттер активдүү жүрө турганын күч түзүмдөрү билдирип жатышат.

Ага ылайык, КР Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаардык, Ош жана Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыктарынын жетекчилиги жана өздүк курамы менен жыйын өткөрүп, шайлоого даярдыкты талкуулады. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жыйында үгүт иштери учурунда да, добуш берүү күнү да коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого даярдык тууралуу сөз болду.

“Сүйүн Өмүрзаков коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку деңгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды. Милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар болсо өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды белгиледи”.

Ал арада “Добушуңузду сатпаңыз!”, “Келечекти коррупциясыз курабыз!”,-деген чакырыктар  жазылган маалымат баракчалар бардык шайлоо тилкелерине таркатылды. Таза шайлоого чакырган жана добуш сатуу кылмыш экени маалымдалган баракчалар шайлоо тилкелеринин атайын тактайчаларында илинген.

Ага кошо шайлоо күнү коомдук коопсуздук жогорку деңгээлде көзөмөлдөнүп, мыйзамдуулукту сактоо талабы күчөтүлөт. Күч органдары шайлоо тилкелеринде ар кандай тартип бузуулар, добуш сатуу же сатып алуу фактылары болсо, өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чаралар көрүлөрүн билдиришет.

Эске сала кетсек, 10-декабрда мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+10°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+10°C Ташкент