• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Общество - Published: 06/01 - 16:19

Ирандын Саламаттыкты сактоо министри Саид Намаки буга чейин Улуу Британияда аныкталган коронавирустун мутацияланган түрү Иранда катталганын билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Tasnim News” агенттигине шилтеме берип кабарлады. “Вирустун жаңы штаммы Улуу Британиядан кайтып келген бир мекендешибизден табылды”, - деп билдирди Намаки. Ал вирус аныкталган бейтап жеке ооруканага жаткырылганын жана анын абалы жакшы экенин билдирди.

“Бактыга жараша, анын жакындарынан бул вирустун изи аныкталган жок” , - деп кошумчалады министр. Ал өлкөдө коронавирустун мутацияланган түрүнүн  дагы бир учуру аныктала турган болсо, дароо коомчулукка маалымдаларын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Улуу Британияда,  андан кийин Европада, Азия жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөдө аныкталган.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+10°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+10°C Ташкент