• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Общество - Published: 20/11 - 14:56

Тамакка табиттин жоктугу, жүрөк айлануу, кусуу жана ашказандын оорусу - булар COVID-19 дун алгачкы белгилеринен болуп саналат.

Окумуштуулар акыркы ондогон изилдөөлөрдү анализдеп чыгышып, илдетти жуктурган ар бир бешинчи адамдын ашказаны ооруганын аныкташты.
Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги “Express” журналына шилтеме берип маалымдады.
Окумуштуулардын айтымында, табиттин жетишсиздиги, жүрөк айлануу, кусуу жана ашказандын оорусу коронавирус оорусунун алгачкы белгилеринен болуп эсепетелет.
Альберта университетинин профессору Митчел Уилсон жогоруда айтылган белгилер байкалса, сөсзүз доктурга көрүнүү керектигине токтолуп, бирок, бул белгилердин болушу сөзсүз түрдө бейтапта COVID-19 вирусу бар дегенди билдирбесин дагы кошумчалап өттү.
Бул изилдөөгө катышкан дагы бир окумуштуу доктор Диана Галл “диарея” дагы коронавирустун алгачкы белгилеринин бири деп билдирди. Дагы бир коронавирустук симптом - бул конъюнктивит (көздүн кабагынын ички мембранасынын сезгениши), ал сейрек кездешет жана бейтаптардын 3 пайызында гана байкалат. Мындан тышкары, айрым бейтаптарда мээнин жабыркаганы аныкталып, оорунун ар кандай стадияларында ар кандай денгээлде илдеттин күчтүүлүгүнө байланыштуу болот.
Коронавирустун дагы бир белгиси - чарчоо. Окумуштуулардын айтымында, бул симптом COVID-19 менен ооругандардын жарымында байкалат жана он жумага чейин созулушу мүмкүн.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
+0.01
EUR
103.13
+0.34
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.14
+1.28
TJS
7.50
+0.00
TMT
24.23
+0.00
UZS
0.01
-1.22

Аба ырайы