• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
35 Категория: Общество - Published: 19/11 - 16:38

Өзбекстан Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Кадамжай шаарларына жугуштуу оорулар ооруканасын куруп берет.

Анын алгачкы курулушу Кадамжайда башталды. 400 орундуу болуп салына турган оорукананын алгач 200 орундуусу салынат. Курулуш каражаттарын Өзбекстан гуманитардык жардам катары өзү ташып алып келет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Өзбекстан оорукананы куруу үчүн Кадамжайга курулуш материалдарын жеткирди.

Ал эми, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы станцияга да 200 орундуу экинчи жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу үчүн Кыргызстанга модулдук конструкцияларды жеткирүүсү күтүлүүдө.

Курулуш материалдары Өзбекстандан дагы келет. Бул тууралуу Кыргызстанга жиберген гуманитардык жардамдын экинчи партиясын алып келген учурда Өзбекстан темир жол компаниясынын башчысы Хуснидин Хосилов билдирген.

Ал гумжардамдагы жүк темир жол аркылуу Ош шаарына 17-ноябрдын түнүндө жеткен. Өзбекстан бул жардамында, Кыргызстанда салып бере турган жугуштуу оорулар ооруканасына керектелүүчү курулуш материалдарды жөнөткөн. Андан сырткары, бул жардамдын катарында коронавируска каршы күрөшүүдө колдонула турган коргонуучу медициналык каражаттар, дары-дармектер да бар. Муну менен кошо 3 миң тонна буудай да жеткирди.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
+0.01
EUR
103.13
+0.34
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.14
+1.28
TJS
7.50
+0.00
TMT
24.23
+0.00
UZS
0.01
-1.22

Аба ырайы