• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
5 Категория: Общество - Published: 19/11 - 09:31

Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирустун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Атап айтсак, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу иштерин алып барышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шаар аймагындагы соода түйүндөрүндө, базарларда санитардык нормалардын сакталуусу текшерлип, тиешелүү талаптарды аткарбагандарга чаралар көрүлүүдө. Оору менен күрөшүүдө кайдыгер карабай, айтылып жаткан бардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы эскертилүүдө.
Бул сыяктуу профилактикалык иштер Чаткал РИИБи тарабынан да жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызмат адамдары менен милиция кызматкерлери аба-ырайынын катаал шартына карабастан айылдагы дүкөндөргө чейин барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ар бир жаран коронавирустан сактанып, жеке гигиеналык эрежелерди кармануу керектиги жеткирилүүдө.

 

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент