• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
10 Категория: Общество - Published: 18/11 - 15:35

Индонезия бийлиги өлкөдө алкоголдук ичимдиктерге тыюу салууну киргизүү маселесине кайтып келди.

Бул тууралуу Islam Today сайты “The Jakarta Post” гезитине шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, спирт ичимдиктерине тыюу салуу мыйзамын киргизүү маселесин Индонезиядагы үч саясий партия көтөрүп чыккан.
Эгер бул мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, спирт ичимдиктерин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга же ичүүгө жол берилбеси болжолдонууда.
Ошондой эле мыйзамды бузгандарга эки жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жана 70 миң долларга чейин айыппул салуу, ал эми спирт ичимдиктерин ичкендиги үчүн - үч жылга чейин камакка алуу же 3 миң долларга жакын айып пул салуу сунушталууда.
Парламент депутаттары белгилегендей, мындай мыйзам долбоору "өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн жана тартипке салуудагы терс кесепеттерден мусулман калкын коргоого" багытталган.
Эске салсак, спирт ичимдиктерине тыюу салуу мыйзамына тиешелүү иш-кагаздар 2015-жылы Индонезиянын өнөр жайчылары менен туристтик тармактары каршы болушуп, талкуулар токтоп калгандан кийин, 2020-жылга Улуттук мыйзам чыгаруу программасына калтырылган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
+0.01
EUR
103.13
+0.34
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.14
+1.28
TJS
7.50
+0.00
TMT
24.23
+0.00
UZS
0.01
-1.22

Аба ырайы