• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
11 Категория: Общество - Published: 18/11 - 15:18

АКШ Тоолуу Карабактагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам иретинде 5 миллион доллар берет.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Тбилисиге эки күндүк иш сапары менен барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Тоолуу Карабак үчүн бөлүнө турган атайын каражат Эл аралык Кызыл Крест комитетине жана башка өкмөттүк эмес уюмдарга берилерин билдирди.
Акшнын Мамлекеттик департаменти жана Эл аралык өнүгүү агенттиги тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам Тоолуу Карабакта согуштан жапа чеккен калкка тамак-аш, турак-жай жана медициналык жардам көрсөтүүгө жумшалат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Ереван менен Бакунун ортосундагы ок атышууну токтотууну кубаттап, эки тарапты тез арада аймактагы жаңжалды туруктуу саясий жол менен чечүү үчүн ЕККУнун Минск тобу менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды.
Ошондой эле, Майк Пломпео Тблисидеги сапарынын алкагында "Биз өнөктөштөрдүн эл аралык коомчулуктагы катышуусун тааныйбыз жана башка өкмөттөрдү ушул аракеттерди колдоого катышууга чакырабыз", - деп билдирди.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент