• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
27 Категория: Общество - Published: 17/11 - 13:29

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 16-ноябрда атайын телекайрылуусунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен коронавирус инфекциясына каршы “Sputnik V” вакцинасын алуу маселесин көтөргөнүн билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. «Мен жакында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштүм. Биз “Sputnik V” вакцинасын алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөштүк жана жакынкы күндөрү бул маселени талкуулоону улантабыз”, - деди Нетаньяху.

Кечээ, 16-ноябрда Кремлдин басма сөз кызматы Путин Израилдин премьер-министри менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү, вакциналар жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаганын билдирген.

Белгилей кетсек, Орусия коронавируска каршы вакцинаны каттаган дүйнөдөгү биринчи өлкө. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны 11-августта каттаган. Ал вакцина Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Орусиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан. Ал вакцина "Sputnik V" деп аталган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент