Адистер нанды үзгүлтүксүз жегендин адамга пайдалуулугун белгилешти.
«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын нан бышыруу өнөр жайы институтунун директору Марина Костюченко кара буудай нанын үзгүлтүксүз колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын билдирди.
Марина Костюченко нан жеген семирүүгө алып келет деген сөздөрдү четке кагып, "Эртең мененки тамакка бир кесим кара нан же кара буудай нанын жеп коюу менен, сиз эч кандай килограмм, ал тургай грамм кошпойсуз. Анын аш болумдуулугу төмөн", - деп билдирди.
“Кара буудай нанында жашылча-жемиштерге караганда була көп. Ошондой эле, кара буудайдын белоктору аминокислотага бай. Мындай азыктарды керектөө ден-соолукту чыңдап, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана башка оорулардын алдын алат”, - деди Орусиянын нан бышыруу өнөр жайы институтунун директору.
Саясат
Валюта курсу
Аба ырайы