• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
179 Категория: Наука и Техника - Published: 20/02 - 12:53

Изилдөөлөр коронавирус жуктуруп алган эненин эмчек сүтү аркылуу ымыркайга COVID-19 вирусу жукпайт, тескерисинче ымыркай сүт аркылуу антителолорду ала тургандыгын көрсөттү.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Рочестер университетинин окумуштуулары коронавирус жуктуруп алган 18 энеден алынган сүттүн 37 үлгүсүнө анализ жүргүзүшкөн. Натыйжада алардын эч биринде вирустук генетикалык материал табылган эмес. Тескерисинче сүт үлгүлөрүнүн болжол менен үчтөн экисинде коронавируска каршы эки өзгөчө антитело болгон. Демек, коронавирус менен ооруган энелердин ымыркайлары эне сүтү аркылуу коронавирусту нейтралдаштыра турган антителолорго ээ болушат.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул изилдөөнүн жыйынтыгы коронавирус менен ооруган энелерди ымыркайлардан бөлбөө керектигин далилдейт.
Изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча, COVID-19 менен ооруган энелердин сүтүндө коронавируска каршы спецификалык жана активдүү антителолор бар жана вирус эне сүтү аркылуу жукпайт деген тыянак чыгарылды.
Рочестер университетинин микробиология жана иммунология профессору, доктор Марк Сэнгстер бул тууралуу билдирүүсүндө: “Биз коронавирус жуктуруп алган эненин сүтүнөн көп сандагы IgA - кандагы жалпы антителолор жана денедеги башка суюктуктарды кездештирдик”, - деди.
Изилдөөчүлөр изилдөөнүн кийинки этабында катыша турган адамдардын санын көбөйтүшөт жана вирус жуктуруп алган ымыркайлары бар 50 аялды каттоого алышмакчы. Алар эки ай боюу илдет боюнча жетишкендиктерин байкоону көздөп жатышат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы