• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Наука и Техника - Published: 21/11 - 14:19

“Bullitt” компаниясы микробдордун жайылышын алдын алган дүйнөдөгү биринчи антибактериалдык смартфон жасап чыгарды.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады.
“Daily Mail” басылмасы маалымдагандай, бул смартфон күмүш иондорун колдонуп, 24 сааттын ичинде 99,9% микробдордун жайылышын алдын алат. “Cat S42” деп аталган бул смартфон сапаттуу жана универсалдуу болуп саналат. Анын баасы 229 фунт стерлинг. Бирок “Biomaster” микробко каршы технология менен жабдылган моделдер 2021-жылдын башына чейин чыгарылбайт.

“Bullitt” компаниясы ушул жылдын аягына чейин Cat үлгүсүндөгү башка телефондорго дагы микробко каршы касиеттерди киргизүүнү пландап жатат. “Cat S42” смартфонунун материалына бактериялардын жайылышына каршы турган күмүш иондору камтылган. Ал бактерияларды же вирустарды, анын ичинде Covid-19ду активдүү нейтралдаштырбаса дагы, козгогучтардын жайылышын токтотот. Микробдордун көбөйүшүн токтотуу менен, алардын саны табигый түрдө азаят.

“Bullitt” компаниясынан билдиришкендей, смартфондун материалына камтылган каражат 15 мүнөттүн ичинде бактериялардын санын 80%га, ал эми 24 сааттын ичинде 99,9%га азайтат. Бул смартфон толугу менен суу өткөрбөйт, аны суу жана самын менен дайыма жууп, дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап туруу керек.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент