• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
238 Категория: Наука и Техника - Published: 17/11 - 15:49

Окумуштуулар кант диабети менен жумуртканын ортосундагы байланышты аныкташты.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
“British Journal of Nutrition” журналы Кытай медициналык университетинин окумуштуулары Түштүк Австралия университетиндеги жана Катар университетиндеги кесиптештери менен бирге 20 жыл ичинде жумуртканы көп өлчөмдө керектөөнүн 2-типтеги кант диабетинин өнүгүшүнө тийгизген таасирин изилдеп чыгышканын жазып чыкты.
Окумуштуулар 1991-жылдан 2009-жылга чейин 8545 кишиден чогултулган диета боюнча маалыматтарды карап чыгышып, акыркы бир нече жылда кытайлардын диетасында жумуртканын колдонулушу эки эсеге көбөйгөнүн байкашкан.
Түштүк Австралия университетинин эпидемиологу Мин Ли “Адамдар эт, майлуу тамактар жана көп углеводдорду камтыган жогорку калориялуу диетага өтүшүүдө. Биздин маалыматыбыз боюнча, акыркы 20 жылда кытайлыктардын диетасында жумуртканын колдонулушу эки эсеге көбөйдү”, - деп билдирди.
Изилдөөлөрдүн натыйжасында окумуштуулар кант диабетинин пайда болуу коркунучу жумуртканы керектөөнүн көбөйүшүнө түздөн-түз байланыштуу экендигин далилдешти. Бул эркектерде жана аялдарда дагы байкалган. Бирок, аялдарда тобокелдик индекси жогору болору аныкталган.
Учурда Кытай калкынын 11 пайызы диабет оорусу менен жабыркайт. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 8,5 пайызга көп.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент