• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
249 Категория: Наука и Техника - Published: 17/11 - 11:52

Коронавирус менен ооруган британиялык аял көпкө созулган COVID-19дун үрөй учурарлык симптомдору жөнүндө айтып берди.

“Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Британиянын Шеффилд шаарынын тургуну, 43 жаштагы Хелен коронавирусту март айынын орто ченинде жуктуруп алган. Анын айтымында, инфекциянын белгилери төрт күндүн ичинде пайда болгон. “Бир нече күндөн кийин көкүрөгүмдө оордук сезилип, шалдырап, ооруп жатканымды түшүндүм”, - деди ал.

Бир нече күндөн кийин анда титирөө, алсыроо, ошондой эле тиштин бүйлөсү каноо сыяктуу типтүү эмес белгилер пайда болгон. Ошондой эле жүрөгү катуу согуп, калтырап-титиреп, бир аз убакыттан кийин чачы түшө баштаган. “Азыр менде жүрөк жана өпкөгө байланыштуу, кыска мөөнөттүү эс тутум, температура, синус инфекциялары, кулактын чуулдашы, булчуңдардын тартышы, ашказандагы көйгөйлөр, чарчоо жана сасык тумоого окшогон белгилер сыяктуу көптөгөн симптомдор бар”, - деди Хелен.

Коронавирус пандемиясы бүт дүйнөнү каптады. Жалпысынан 54 миллиондон ашуун адам бул илдетке чалдыгып, алардын 1,3 миллиондон ашууну каза болду.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент