• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
189 Категория: Наука и Техника - Published: 12/11 - 17:18

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус менен ооруган адамдарда даам жана жыт сезүү сезими жоголуп, энтигүү пайда болушу мүмкүн, бирок мындай симптомдор сасык тумоодо байкалбайт деп билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. “COVID-19 менен сасык тумоо жөтөл, мурундан суу агуу, тамактын оорушу, дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо сыяктуу окшош симптомдору бар. Бирок COVID-19 даам сезүү жана жыт билүү сезимин жоготуу, энтигүү сыяктуу кошумча симптомдорду чакырышы мүмкүн”, - деп билдирет ДССУ. Уюмдун маалыматы боюнча, коронавирустун оор түрүнө кабылган бейтаптын деми кысылып, тамакка табити тартпай, көкүрөгү ооруп же кысылып, температурасы 38 градустан жогору болуп, эс тутуму жоголушу мүмкүн. Аталган уюмдан белгилешкендей, мындай белгилери бар адамдар токтоосуз медициналык жардамга кайрылышы керек. Өнөкөт оорулары бар адамдар, улгайгандар, беш жашка чейинки балдар жана кош бойлуу аялдар коронавирустун женил симптомдору байкалса дагы тезинен дарыгерлерге кайрылышы керек.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү