АКШнын Иран “Аль-Каида” террордук тобунун баш калкалоочу жайына айланды деген ырастоосу негизсиз.
Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабулов билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Кабуловдун айтымында, Тегерандын бул уюм менен байланышы жөнүндө Москвада эч кандай маалымат жок. Кечээ, 12-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иранды “Ал-Каиданын” баш калкалоочу жайына айланды деп айыптаган.
Анын айтымында, террордук топтун лидери Тегеранда жашайт жана буга чейин Ооганстан менен Пакистанда жасалган иштердин бардыгын жасап жатат. Ал Иран “Аль-Каиданын” базасы деп билдирген. “Помпео мырза Дональд Трамптын президенттик мөөнөтүнүн аягында, Иранга зыян келтирүү үчүн дагы бир нерсе жасагысы келип жатат окшойт. Бирок бул таптакыр негизсиз жана акылга сыйбас нерсе”, - деди Кабулов.
Ал Москвада Тегерандын “Ал-Каида” менен болгон байланыштары жөнүндө маалымат барбы деген суроого: “Эч кандай маалымат жок”, - деп жооп берди.
Саясат
Валюта курсу
Аба ырайы