• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Россия - Published: 21/11 - 12:45

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын башчысы Армения менен Азербайжандын чек арасына дагы көп аскер күчтөрү киргизилерин жарыялады.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников өлкө президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда, Федералдык Коопсуздук кызматы Армения-Азербайжан чек арасына дагы көп аскер күчтөрүн жайгаштырарын айтты.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Армения Республикасынын чек ара коопсуздугун, Тоолуу Карабакта тынчтыкты сактоо үчүн Армениянын өтүнүчү боюнча өлкөдөгү Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын чек ара бөлүмүнө 188 аскер кызматкерлеринен жана аскердик шаймандардан турган кошумча аскер бөлүктөрү жайгаштырылат.

Бортников бул тууралуу Азербайжан тарапка маалымдалгандыгын жана өнөктөштөр менен зарыл болгон өз ара байланыштар түзүлгөнүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 10-ноябрда Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери Владимир Путин, Ильхам Алиев жана Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин толугу менен токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.

Билдирүүгө ылайык, Армения менен Азербайжан өз позицияларын ээлөөнү токтотушат, андан кийин Баку бир катар аймактарды өз көзөмөлүнө алат жана эки тарап туткундарды алмашат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек