• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
10 Категория: Политика - Published: 22/02 - 12:18

Ирандын президенти Хасан Рухани Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Түркиянын Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргенин “Anadolu” агенттиги жазды. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын телефондогу сүйлөшүүсүндө соода, транспорт жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселеси, ошондой эле аймактагы акыркы окуялар талкууланды.

Эрдоган соода-экономикалык карым-катнаштын деңгээлин көтөрүү керектигин баса белгилеп, АКШнын жаңы администрациясы Тегеранга каршы бир тараптуу санкциялардан баш тартып, Иран элинин бакубат жашоосу үчүн адилетсиз тоскоолдуктарды алып салат деген үмүтүн билдирди. Ошондой эле ал өзөктүк келишимди кайра карап чыгуу маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык кыйынчылыктарга карабастан, сүйлөшүүлөр жана саясий диалог талаш-тартыштарды чечүүнүн мыкты жолу болуп саналат деп билдирди.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент