• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
18 Категория: Политика - Published: 12/02 - 14:53

Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Минск келишимдери ишке ашырылмайынча Орусия менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелер жөнгө салынбай турганын билдирди.

Ал мындай шартты Брюсселдеги ЕБ-Украина Ассоциация кеңешинин жыйынынан кийинки пресс-конференцияда айтты. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин кабарчысы маалымдаганын “Lenta” агенттиги билдирди.
Борреллдин айтымында, бул маселе 5-февралда Москвага болгон сапарынын алкагында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен талкууланган.
Жозеп Боррель Европа Биримдиги "Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргой турганын жана Минск келишимдерин ишке ашырууга чакырарын баса белгиледи. Ал муну Орусия менен ЕБтин ортосундагы мамилелердеги "ачык-айкын шарт" деп атады.
7-февралда Боррель Орусиянын Европа Биримдигинен алыстап жатканын билдирген. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин ушундай тыянакка келгенин жана буга “иш сапар алкагында орус бийлигинин билдирүүсү" себеп болгонун айткан. Ошондой эле, ал Москва конструктивдүү диалог үчүн мүмкүнчүлүктү колдонууну каалабай жатканын баса белгилеген. Ал эми, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүгө таң калып, Боррелдин Москвага болгон иш сапарынын жыйынтыгына берген баасы Орусияда айтылган сөздөр менен карама-каршы келерин билдирген.
Донбасстагы аймактык жаңжал алты жылдан бери уланып келе жатат. 2014-жылы апрель айында украин бийлиги өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Киевден көзкарандысыздыгын жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларына каршы аскердик операция баштаган. 2015-жылы регионго өзгөчө макам берүү жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүнү шарттаган Минск келишимдерине кол коюлган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-11°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент