• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
31 Категория: Политика - Published: 05/02 - 15:38

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеф Боррелл АКШны Иранга карата  "максималдуу кысым көрсөтүү" саясатынан "максималдуу дипломатияга" өтүүгө чакырды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Москвада иш сапары менен жүргөн Жозеф Боррелл “Интерфакс” маалымат агенттигине берген маегинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактап калуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо керектигин билдирди. “Өзөктүк келишим дагы бир жолу оор абалда турат. Мен бул келишимдин координатору катары аны сактап калуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Бул жагынан Орусия маанилүү өнөктөш, ал  бардык мүчөлөр, ошондой эле америкалык өнөктөштөр менен байланышта. Албетте, бул маселеде алга жылуунун оңой жолу жок”, - деди Боррелл. 

“АКШнын жаңы администрациясы жаңы ыкманы ачык жарыялады жана өзөктүк келишимдин бардык катышуучулары ага катышууга даяр. Өзөктүк келишим санкцияларды алып салуу ордуна Ирандын өзөктүк милдеттенмелерине негизделген. ЕБ өлкөлөрү өзөктүк келишимдин алдындагы милдеттенмелерин аткарууну уланта беришет”, - деп белгиледи ал.

Боррелл Трамптын администрациясынын Тегеранга каршы “максималдуу кысым көрсөтүү” саясатын сындап, Иранга карата “максималдуу дипломатия” саясатын колдонуу зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, келишимдин толук аткарылышын кайрадан камсыз кылуу үчүн өзөктүк келишимдин Биргелешкен комиссиясынын алкагында “максималдуу кысымдан” “максималдуу дипломатияга” өтүү керек. “Түпкү максат  - келишимдин толук аткарылышына кайтып келүү”, - деп кошумчалды Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеф Боррелл.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент