• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
19 Категория: Политика - Published: 04/02 - 11:35

Кувейттин Тышкы иштер министрлигиндеги дипломатиялык булактар Эль-Кувейт Иран менен Сауд Аравиянын ортосунда ортомчулук кылууга даяр экенин билдиришти.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Дипломатиялык булактар Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы келишим аймакта оң натыйжаларды берет деп эсептешти. Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигиндеги маалымдар болгон дипломатиялык булактар тиешелүү шарттар түзүлсө, Кувейт Сауд Аравия менен Ирандын ортосундагы ортомчулукту улантууга даяр экендигин билдирди.

Атын атагысы келбеген булактар Кувейт ар дайым көз караштарды бири-бирине жакындатып, келишпестиктерди дипломаттар аркылуу чечүүгө аракет кылып келгенин белгилешти. Буга чейин Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани араб өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент