• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
17 Категория: Политика - Published: 14/01 - 12:03

Орусиянын айтымында, Франция менен Британиянын ири өзөктүк арсеналдары бар, эми АКШ Кытайды куралсыздануу жараянына кирүүгө түртүп жатат; Бул процесске Вашингтондун европалык өнөктөштөрү да  кошулса жакшы болот.

Mehr News агенттигинин ИТАР-ТАСС маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москва жаңы СТАРТ келишимин узартуу үчүн Вашингтон өкмөтү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин жана Франция менен Британияны  өзөктүк куралсыздандыруу жараянына кошулууга чакыраарын билдирди.
Ал бул тууралуу мындай деди: "Жаңы старт башталган соң, биз курал-жаракты көзмөлдөө келишимдерине жаңы мүчөлөрдүн кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз. Франция менен Британиянын өзөктүк арсеналдарын Кытайдыкы менен салыштырууга болот жана алар НАТОнун алкагында өзөктүк саясатын АКШ менен координациялайт.”
Белгилей кетсек, Антоновдун бул билдирүүлөрү Москва-Вашингтондун  "Жаңы старт" өзөктүк келишими февралдын биринчи жумасында аяктаар маалда айтылды.
 Эске салсак, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытай дагы өзөктүк сүйлөшүүлөр столуна кириши керек деген шылтоо менен бул келишимди узартуудан баш тарткан.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-4°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент