Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган НАТОну терроризмге каршы күрөштө Түркияга жетиштүү жардам бербей жатат деп айыптады.
Бул тууралуу «Ir.Sputnik» агенттиги кабарлады. «Европа Биримдигинин жана НАТОнун коопсуздугу биздин чыгыш чек араларыбыздан башталат. Биз НАТОнун алкагында терроризмге каршы күрөшүүдө кызматташуудан эч качан баш тарткан эмеспиз. Эмне үчүн НАТО өлкөлөрү терроризмге каршы күрөштө бизди жалгыз таштап жатышат? Түркиядан башка Ислам мамлекети менен ким күрөшүп жатат?», - деди Эрдоган.
Ал ошондой эле АКШны Түркияда тыюу салынган Күрттөрдүн Жумушчу партиясы менен байланышкан террористтик уюм деп эсептелген сириялык күрттөрдүн өзүн-өзү коргоо күчтөрүнө аскердик жардам көрсөтүп жатат деп айыптады. «Курал-жарак бар миңдеген жүк ташуучу унаалар жана транспорт каражаттары террордук топторго жөнөтүлдү. Алар мунун бардыгын колдонуп, бизге каршы согуш башташты. Биз НАТОго мүчө өлкө катары алар менен күрөшүп жатабыз жана күрөшө беребиз», - деп билдирди түрк лидери.
Саясат
Валюта курсу
Аба ырайы