• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
25 Категория: Политика - Published: 12/01 - 12:58

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Кубаны кайрадан терроризмге демөөрчү болгон өлкөлөрдүн  тизмесине кошту.

Бул тууралуу “Bloomberg” маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Кубанын бул тизмеги кайрадан киргизилиши АКШнын жаны шайланган президенти Жо Байденге мамилелерди жөнгө салуусуна кыйын болот. Байдендин инаугурациясы 20-январга белгиленген. Учурда Вашингтон Иран, Түндүк Корея жана Сирияны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинде деп эсептейт. 2020-жылдын декабрь айынын аягында “New York Times” гезити Трамптын администрациясы Кубаны терроризмге демөөрчү болгон өлкөлөрдүн тизмесине кайрадан киргизүүнү ойлонуп жаткандыгын жана Байден кызматка киришкенден кийин Кубаны тизмеден чыгарып салышы мүмкүн экенин жазган. Аталган басылма билдиргендей, бул процесс бир нече айга созулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Америка Кошмо Штаттары 1961-жылы аралдагы америкалыктардын менчигинин улутташтырылышына жооп кылып Куба менен дипломатиялык байланыштарын үзгөн. Көп өтпөй бул өлкөгө каршы экономикалык санкцияларды киргизген. 1982-жылы АКШ Кубаны терроризмге колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. 2014-жылдын декабрь айында АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама Вашингтондун Гаванага карата мурунку саясаты иштебей жаткандыгын моюнга алып, эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу жана Кубага каршы санкцияларды жумшартуу кыймылы башталганын жарыялаган.

2015-жылы Обаманын администрациясы Кубаны терроризмге демөөрчү болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгаргандыгын жарыялаган. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле 2017-жылдын январь айында республикачыл Трамп бийликке келгенден  кийин токтоп калган. Трамп Куба Республикасына сапар тарткан америкалыктардын эрежелерин катаалдаштырып, Куба армиясы көзөмөлдөгөн уюмдар менен соода жүргүзүүгө тыюу салган. Байден Трамптын Гаванага карата саясатын сынга алган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент