• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
53 Категория: Политика - Published: 11/01 - 17:11

Бүгүн, 11-январда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги ТАСС агенттигине шилтеме берүү менен жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган өлкөлөрдүн лидерлери 2020-жылдын 10-ноябрына караган түнү кол коюлган Тоолуу Карабак боюнча үч тараптуу келишимдин ишке ашырылышын карашат жана аймактагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашат.

Кремлдин басма сөз кызматы маалымдагандай, сүйлөшүлөрдө согуш аракеттеринен жапа чеккен аймактардын жашоочуларына жардам көрсөтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды бөгөттөн чыгаруу жана өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Үч тараптуу жолугушуудан тышкары, Путин Армениянын премьер-министри жана Азербайжандын президенти менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 27-сентябрында башталган Армения менен Азербайжандын ортосундагы кагылышуулар 44 күндөн кийин Путиндин ортомчулугу жана тынчтык келишимине кол коюу менен аяктаган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент