• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Политика - Published: 11/01 - 11:51

Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Иран  ТИМнин орун басары Сейед Аббас Арагчи менен жолугушту.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, саясий жана каржы кызматкерлеринин делегациясын жетектеген Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары "Чой Чжонг Кун" 10-январда министрдин саясий орун басары Сейед Аббас Арагчи менен Тегеранда жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык расмий делегация Тегеранга жасаган иш сапары өлкөнүн Иран менен мамилелерди өнүктүрүүгө канчалык маани берерин көрсөтүп тургандыгын билдирди.
Ошондой эле, Түштүк Корея эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердеги көйгөйлөрдү чечүү менен жаңы жылда  ишенимди калыбына келтирүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Ирандын Кореядагы каржылык ресурстарынын тоңуп турушуна токтолуп, Корей банктары АКШнын санкцияларынан чочулап, эки жарым жылга жакын убакыттан бери Ирандын валюта ресурстарына мыйзамсыз бөгөт коюп келишкенин айтты.
 "АКШнын коркутуусуна багынып берүү үчүн гана жасалган бул иш-аракет кабыл алынбайт жана албетте, бул көйгөй чечилгенде гана мамилелерди өнүктүрүү мааниге ээ болот", -деди Арагчи.
"Саясий эрк Түштүк Кореянын өкмөтүнө байланыштуу",-деп кошумчалады ал.
 Ал ошондой эле, Сеулдун Тышкы иштер министринин орун басарын эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги биринчи приоритет катары ушул маселени чечүү үчүн керектүү механизмди табууга олуттуу аракеттерди көрүүгө чакырды.
Ал эми, Кореянын расмий өкүлү Иранда Кореядагы өзүнүн валюта ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу дагы Корея өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгилеп, Сеул бул маселени акыркы чечим табылганга чейин улантууга бел байлаганын баса белгиледи.
Жолугушуунун алкагында Арагчи,  кореялык танкердин камакка алынышын чечүүгө жардам берүү өтүнүчүнө жооп кылып,  кемени Перси булуңунда жана Иран сууларында камакка алуу бир гана техникалык кароодон өткөрүү жана айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу экендигин билдирди.
 Иран ТИМнин орун басары Корея тарапка маселени саясатташтыруудан жана натыйжасыз үгүттөөдөн алыс болуп, тиешелүү сотто сот процесстеринин тынч жүрүүсүнө жол берүүнү сунуштады.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент