Байден: Трампты кетирүүнүн эң тез ыкмасы - инаугурацияны 20-январда өткөрүү.
Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден, Дональд Трампты кетирүүнүн эң тез ыкмасы, 20-январда президенттик инаугурация өткөрүү экенин билдирди.
Жаңы президент бул тууралуу мындай деди: "Бүгүн кечинде мен Нэнси Пелоси жана Демократиялык партиянын лидерлери менен пландарым жөнүндө сүйлөшөм.”
Ал мындай деп сөзүн улантты: "Биздин абройубуз дүйнөдө Трамп тарабынан түшүрүлдү жана аны иликтөө керек".
Белгилей кетсек, Жо Байден Трамптын импичментин Конгресске байланыштуу экенин билдирип, бирок Трампты Ак үйдөн чыгаруунун эң тез жолу – президенттик инаугурациянын 20-январда өткөрүү деп айтты. “Мен президент болгондон кийин Трамптын чечимдерине каршы турган көптөгөн маселелердин үстүндө иштейм”,- деди АКШнын жаңы президенти.
Саясат
Валюта курсу
Аба ырайы