• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
31 Категория: Политика - Published: 06/01 - 13:01

Дүйшөмбү күнү беш өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кызматына киришти.

“Isna” агенттиги AFP агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү беш өлкө - Индия, Мексика, Норвегия, Ирландия жана Кения Коопсуздук Кеңешинин жаңы мүчөлөрү катары аталган кеңештин төрагасы Тунис тараптан сунушталган таблицаны бекитүү маселесин талкуулоо боюнча өткөн жыйынга катышканын билдирди.
Жаңы мүчөлөр эки жыл 15 мүчөдөн турган кеңеште туруктуу эмес орундарды ээлешет. Ирландия, Норвегия, Индия, Мексика жана Кения өлкөлөрү Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу мөөнөтү бүткөн Бельгия, Германия, Доминикан Республикасы, Индонезия жана Түштүк Африканын ордуна келишти.
Январь айында дагы кеңештин убактылуу мүчөсү катары Тунис төрагалык кылат.
Вето укугуна ээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция мамлекеттери болуп эсептелет. Дагы 10 мүчө өлкө эки жылдык мөөнөткө тандалып алынат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент