• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
13 Категория: Политика - Published: 05/01 - 15:08

Сауд Арабиясы менен Катардын ортосундагы талаш үч жарым жылга жакын созулган.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Кувейттин тышкы иштер министри 4-январда кечинде жасаган билдирүүсүндө Сауд Арабиясы менен Катардын ортосунда эки өлкөнүн ортосундагы кургактык жана аба чек араларын ачуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялады.
"Сауд Аравиясы менен Кувейт аба, кургак жана деңиз чек араларын 4-январда кечинде бири-бирине ачып, бардык маселелерди чечүүгө макулдашты", - деди Кувейттин тышкы иштер министри Ахмад Насер аль-Мухаммад ас-Сабах.
Экинчи жагынан, Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын айтымында, мындан ары Кызматташтык Кеңешинин жыйыны биримдикти жана катарларды бириктирүүчү жолугушуу болуп, анда биримдик жана тилектештик идеалдары ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы менен Катардын ортосундагы талаш үч жарым жылга жакын созулган.
 2017-жылдын июнь айында Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн жана Египет “террорчулукту колдойт”- деген шылтоо менен Катар менен байланышын үзүшкөн. Ал эми бул жалаа кийинчерээк Доха өкмөтү тарабынан четке кагылган.
Атын атабаган АКШнын расмий өкүлү бул тууралуу мындай деген: "Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет Катардын курчоосун алып салат жана Доха аларга каршы мыйзамдуу даттануусун токтотот деп макулдашылды."
 Ал кошумчалагандай, бул келишимге жетишүүдө Дональд Трамптын кеңешчиси Кушнер роль ойноду жана ал Сауд Арабиясында эки тараптын келишимине кол коюу аземине катышат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент